Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Дүйнөдө “демократия – башкаруунун эң мыкты формасы” деген түшүнүк кеңири жайылган. Анын бир себеби катары, карапайым адамдар парламентти же президентти шайлоого катышуу менен өлкөнүн келечеги үчүн өз салымын кошору белгиленет. Муну менен алар атуулдук милдетин аткарып жатканы айтылат. Ушул тапта дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттерде башкаруу түрү авторитардык бойдон кала берүүдө. Андыктан мындай режимдер “заман талабына шайкеш келүү” үчүн өз системасын демократиялык башкаруу системасына сыртынан окшоштурганга аракет жасашат. Бул далаалат кантип ишке ашырылууда?

Адатта бийлик акылдуу адамдарды өзүнө тартат деген түшүнүк бар.

Ал эми авторитардык өкмөткө келсек, чынында да, мындай өкмөттүн башчысынын бийликте калуу үчүн ар кандай айла-амал жасаганын эске алсак, аларды таптакыр эле акылсыз деп атай албайсыз.

Бийликте калууну көздөгөн өкмөт ээси, адатта, оппозициялык партияларды жоготуп, шайлоодо аларды караандатпай жеңүүнүн эбегейсиз көп жолун иштеп чыгат. Келгиле, андай бийлик ээсинин бир нече формуласын карап чыгалы.

Өкмөт шайлоо өткөрө алат, бирок ага бийликке жакын гана талапкерлер мүчө болгон көзгө басар партия катыша алат. Түркмөнстанды ойлой бериңиз.

Өкмөт бийликти гана уккан партиялар менен чектелчү парламентти түзүү үчүн шайлоо уюштура алат. Мындай шартта шайланган депутаттар бийлик ээси жактырган мыйзамдарды бюрократтын колундагы мөөр сыяктуу улам басып чыгара берет. Казакстанды ойлой бериңиз.

Өкмөт бийликтеги партияга жан тарткан жасалма оппозицияны түзө алат. Чынында, мындай саясатчылар бийликти гана колдошот. Өзбекстан деп ойлой бериңиз.

Өкмөт чыныгы оппозицияга уруксат бергени менен шайлоо алдында оппозициянын көпчүлүк талапкерлерин “оюндан” четтете алат. Иранды ойлой бериңиз.

Же болбосо, өкмөт чыныгы оппозицияга уруксат берип, бирок бийликке баш ийген массалык маалымат каражаттары алардын ишмердүүлүгүн эч чагылдырбай, жалпы шайлоочулар үчүн оппозициянын иш-аракети көрүнбөгөндөй кырдаал жаратат. Орусияны ойлой бериңиз.

Бул өлкөлөрдүн бардыгы – мыйзам чегинде иш алып баруудабыз дегени менен, чыныгы демократияны жолго салган жараяндарга жана мекемелерге тоскоолдук кылат, бул институттарды сыртынан гана окшоштуруп чектелет.

Стивен Никс (Stephen Nix) – Эл аралык Республикалык Институттун Евразия боюнча аймактык директору. АКШнын Республикалык партиясы тарабынан каржыланган бул институт авторитардык режим калыптанып калган өлкөлөрдө демократиялык баалуулуктарды колдоо аракетин көрүп келген.

Авторитардык режим орногон өлкөлөрдө шайлоо кантип бурмаланат деген суроого Стефан Никс мындай деп жооп кайтарат.

- Бул – биринчи кезекте, шайлоочулардын тизмеси. Өкмөт тизмени алмаштырып, ал тизмени коомчулуктун карап чыгышына тоскоол болуп, жакында эле каза тапкан шайлоочулар же жел сандар менен тизмени толтуруп, добуш берүүгө мыйзамдык укугу болгон шайлоочуларды четтеткен өңдүү ыкмалар бар.

Стивен Никс Украинада үч жылдан ашуун иштеген жана жогоруда сүрөттөп берген ыкмалар иштебей калганда башкалары табыларын айтат:

- Башка бир ыкманы биз жакында эле Беларуста өткөн эрте добуш берүү учурунда көрө алдык. Беларуста шайлоочулар добуш берүүгө эртерээк катышууга, шайлоого беш күн калганда өз чечимин жасоого конституциялык укук алган. Мурдатан бизге маалым болгондой, бул ыкма шайлоодогу бурмалоолор үчүн ыңгайлуу негиз боло алат. Эрте шайлоо өткөрүлчү жайларды эч ким көзөмөлдөй албайт, алар ачык эмес. Беларуста дайыма добушту эртерээк берүү усулун колдонгондордун саны арбын болуп келет. Менимче, 28 пайыздай добуш бул өлкөдө шайлоо күнүнөн эрте берилген.

Мындан сырткары шайлоону бурмалоонун дагы бир ыкмасы бар.

Көпчүлүк өлкөлөрдө шайлоо бекеттерине өз алдынча жете албаган майыптардын же карыялардын үйүнө атайын кызматкерлер келишет. Бирок авторитардык режимдеги өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкерлердин шайлоочулардын үйүнө келиши – добуш берүүчүгө карата жасалган кысым катары колдонулат. Андыктан шайлоочулар чакырбаса дагы мамлекеттик кызматкерлер алардын үйүнө барып, керектүү доюуш менен кайткан учурлар көп кездешет.

Шайлоону бурмалоонун мындай ыкмалары добуш берүүгө көзөмөл салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочуларына жакшы белгилүү. Мындай режимдер шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл салуу үчүн байкоочуларды чакырууга мажбур, себеби ЕККУга мүчөлүк муну талап кылат. Ошол эле учурда, сырткаркы байкоочуларды чакыруу менен: авторитардык режимдер добуш бурмалоонун айла-амалын эселеп ойлоп табууга мажбур.

Эгерде шайлоо өткөрүп жаткан бийлик дагы, байкоочулар дагы бул ыкмаларды билсе, анда эмне үчүн тараптар мындай “мышык-чычкан” оюнуна катышууга макул болушат?

Стивен Никстин айтымында, авторитардык өкмөттөр Батышты өлкө демократиялык жолго багыт алганына ынандыргысы келет. Мындай бийлик ачык жана акыйкат шайлоону талап кылган ЕККУга мүчөлүк милдеттемелерин аткарып жатканын сырткаркы коомчулукка көргөзүүнү каалайт.

Бирок эл аралык байкоочулардын дагы мындай “шектүү” шайлоолорго көзөмөл салуусунун өзүнүн себептери бар. Мисалы, эл аралык байкоочулар шайлоого көзөмөл салган мезгилде жергиликтүү коомчулуктун үмүтү акталган учурлар болушу ажеп эмес. Жергиликтүү шайлоочулар да улам жаңы тажрыйбага ээ болуп, шайлоонун адилет, калыс, ачык болушу үчүн күрөш ыкмаларын үйрөнөт.

Ошентип, “мышык-чычкан” оюну уланууда. Эми эл аралык байкоочулар 15-октябрда Азербайжанда өтө турган президенттик шайлоого көзөмөл салмакчы. Шайлоодо ат салыша турган жети талапкердин бирөө дагы оппозициянын негизги жетекчилеринен эмес. Андыктан серепчилердин баамында, президент Илхам Алиев кайрадан шайланары күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG