Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Жаңыл Жусубжан , Прага АКШ менен Казакстандын кеңири орток алакалары бар. Америкалык компаниялар Казакстандын мунай тармагында жигердүү иштеп жатышат. Казакстан мунайынын бир бөлүгүн Европага Грузия аркылуу ташыйт. Ирактагы эл аралык күчтөрдүн арасында казактардын мина тазалоочу чакан тобу бар. Өлкө НАТОнун Ооганстанга жүк ташыган коридоруна да кирет.

Астанага бараткан жолдо Кондолиза Райс Кошмо Штаттары Орусиянын Борбор Азиядагы турумун чабалдантууну максат кылбайт деп ишендирди.
Ал учактагы кабарчыларга Борбор Азиядагы АКШнын жетишкендигин Орусиянын аксаганы деп баалаган туура эмес экендигин белгиледи.

Астанага келип түшкөндөн кийин мамкатчы Казакстан өз алдынча мамлекет болгондуктан,ал каалаган өлкө менен каалагандай мамиле түзүүгө укуктуу экендигин мындайча белгиледи:

- Бул - аймактагы өлкөлөр ортосундагы Казакстанга көшөкөрлөнүүнүн атаандаштыгы эмес. Казакстандын бардык коңшулары менен мамилеси жакшы. Анын АКШ менен алакасы эң сонун. Астананын Европа менен кызматташтыгы да анын кызыкчылыктарына жооп берет.

Казакстандын тышкы иштер министри Марат Тажин да Казакстандын АКШ жана Орусия менен алакасында карама-каршылык жок деп айтты:

- АКШ жана Орусия менен ишкер мамилелер абдан бекем, келечектүү нукта өнүгө бериши абдан маанилүү. деп айтты ал.

Кондолиза Райс президент Назарбаев жана өкмөт башчысы Карим Масимов менен да жолугушууда.
XS
SM
MD
LG