Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин 7 миң 643 депутаттык орду үчүн 15 миңден ашык талапкер ат салышкан шайлоо аяктап, акыркы жыйынтыгы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турат. Анткени, бул шайлоо талапкерлердин, алардын ишенимдүү адамдары менен байкоочуларынын көптүгү менен да тарыхта кала турган болду. Бирок добуш берүүнүн калыс жана адилет болгонунан күмөн санагандар да арбын.

-Жергиликтүү кеңештерге бул жолку шайлоо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу партиялык тизме менен өткөндүгү менен эсте калат. Бирок добуш берүү маалында мурдагыдай эле бир кишинин бир нече жолу добуш берүүсү, шайлоочуларды унаа менен ташып келүү ыкмасынан баш тартуу болгон жок дейт байкоочулары өлкөдөгү бардык шайлоо участкаларында 6 бейөкмөт уюмдун атынан көз салган “Жарандык союздун” мүчөсү, укук коргоочу Азиза Абдрасулова:

- Мыйзам бузуулар көп. Кайра эле тизмелер туура эмес түзүлгөн. Жарандардан сот аркылуу гана кошумча тизмеге кирүүсү, башка бирөөнүн документтери менен добуш берүүсү боюнча түзүлгөн актылар округдук комиссияларга көп келип жатат. Анан мурда да боло жүргөн дагы бир мыйзам бузуу-байкоочуларды же үкөктү, же кабинаны, же документтерди көрө албаган жерде отургузуу болууда. Ар бир участкада 20-25 байкоочу отурду деген маалымат БШК үчүн аябагандай чоң отчет болуп эсептелет. Бирок, алар бир да байкоочунун ролун аткарбастан эч нерсени көрбөгөн бир бурчта эле отурушат.

Бул шайлоодогу көзгө урунган дагы бир өзгөчөлүк –эл аралык байкоочулардын жоктугу болду. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Аскар Мамбеталиевдин баамында, бул көрүнүш Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтириши ажеп эмес:

- Демократиялуу шайлоо дегенден кийин чет өлкөлүктөрдү чакырып, бардык элдин ишенимин көтөрүүчү куралдарды колдонууга БШК өзү кызыкдар болуш керек. Шайлоонун негизги максаты легитимдүүлүктү арттыруу, чет өлкөлүктөрдүн алдында абройду көтөрүп, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун камсыз кылуу да! Чет өлкөлүктөр шайлоого катышпагандан кийин алар үчүн бул шайлоо болбой калды деп эсептелет жана легитимдүүлүк дароо 50 пайызга азайат.

Ал эми Борбордук Шайлоо Комиссиясынын аппарат жетекчиси Кудайберген Базарбаев мындай нааразылыкка негиз жок деп билдирди. Анын айтымында, себеби чет өлкөлүк уюмдар байкоочуларын катыштыруу өтүнүчүн кеч берди жана алар шайлоого даярдык көрүү маалында байкоочуларын жиберүү ниетин билдирген эмес. Шайлоого 3 күн калганда гана байкоочуларын жиберүүгө өтүнүч жолдогон чет өлкөлүк 3 уюмдун суранычын канааттандырсак Шайлоо кодексин бузмакпыз дейт К.Базарбаев:

- Жобого ылайык аккредитацияга Жогорку Кеңеш, өкмөт же БШК чакырган уюмдардын өкүлдөрү келет. Шайлоо жергиликтүү кеңешке экендиги эске алынып, андай чакыруу берилген эмес. Андан тышкары биздин өнөктөштөр өтүнүчүн кеч беришти.Бул процессуалдык гана маселе, башка эч кандай негиз жок. Биз ЕККУ, Эл аралык шайлоо фонду жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен шайлоо алдында бирге иштеп жатканда ЕККУнун адам укуктары боюнча бюросу да байкоочулар келбейт деп билдирген. Андан тышкары жергиликтүү кеңештерге шайлоого мурда эл аралык байкоочулар такыр келишчү эмес.

Шайлоодогу талаш жараткан дагы бир маселе-Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгын бардык округдук комиссиялар райондук акимиаттарда чыгарсын деген чечими болду. Мындай чечим административдик басымдын так далили деген “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова чечимди жокко чыгаруу арызы менен Ленин райондук сотуна кайрылды. Бирок сот арызды карай электе эле шаардык шайлоо комиссиясы өз чечиминен кайра баш тартты. Коалиция жетекчиси Динара Ошурахунованын баамында, ага арыз себеп болду:

-Биз мындай маалыматты бардык маалымат каражаттарына таратканыбыз таасир берди. Андан тышкары Акыйкатчыга да кайрылып, бул эмне деген чечим экендигине кызыктык. Турсунбек Акун маалыматты тиешелүү адамдарга жеткирди.

Коалиция жетекчисинин арызын сот адегенде жетекчи катары Адилет министрлигинен каттоосу жок деп, андан кийин юристтин атынан берилген арызды шаардык шайлоо комиссиясынын чечиминин түп нускасы жок деп түн жарымына чейин карабай убаралантты. Динара Ошурахунова сот мындай аракети менен Шайлоо Кодексинин 53-беренесин бузду деп билдирди:

- Сот эмне үчүн арызды дароо карабай жатканына түшүнбөй жатабыз. Ал коркуп жатабы же башка себеби барбы билбейбиз. Ал Шайлоо Кодексинин 53-беренеси боюнча түшкөн арыздарды дароо карашы керек болчу.

Ал эми укук коргоочулардын баамында, арыз-даттануулар боюнча түшкөн актылардын саны бир топ жана алар узун талаштын өзөгү болчудай.
XS
SM
MD
LG