Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

ГЕРМАНИЯ АМАНАТЧЫЛАРДЫ ТЫНЧЫТУУДА


Кошмо Штаттардан соң очорулган банктарды сактап калуу аракетин Европанын айрым өлкөлөрү да көрүүдө. Маселен, кечээ Германиянын өкмөтү жана жеке кредиторлор Hypo Real Estate банкын сактап калууну макулдашты. Бул үчүн банкка 50 миллиард евролук жардам көргөзүлөт . Немец өкмөтү каржылык кризиске жооп чара катары баардык атуулдардын жеке эсептериндеги аманат акчалардын сакталышына кепилдик берерин да жарыялады.

Банкрот болуу коркунучуна кабылган Hypo Real Estate Германиянын ипотекалык кредиттерге адистешкен эң ири каржы мекемеси катары эсептелчү. Немец өкмөтү менен өлкөнүн жетектөөчү банкирлери кечээ аны сактап калуу боюнча чукул жыйын өткөрдү. Өлкөнүн каржы министрлигинин жарыялаганына караганда, жетишилген макулдашууга ылайык берилүүчү 50 миллиард евролук жардамдын 26 миллионун өкмөт, калганын жеке кредиторлор бөлөт.

Мунун алдында немец канцлери Ангела Меркел кечээ бул маселе боюнча жасаган билдирүүсүндө өкмөт бир банктын кыйроосу бүткүл каржы системасына таасир көргөзүүсүнө жол бербей турганын белгилеген:

-Немец өкмөтү жалгыз кредитордун көйгөйлөрү бүткүл банк системасын илдетке чалуусуна жол бербейт. Hypo Real Estate банкын сактап калуу боюнча баардык аракеттер ушундан улам көрүлүп жатат. Биз ошондой эле жоопкерчиликсиз иш кылгандардын баары жазаланышы керектигин айтып жатабыз. Немец өкмөтү муну кепилдейт жана биз салык төлөөчүлөрдүн алдында ушундай чара көрүүгө милдеттүүбүз. Буга кошумча жеке аманатчыларга, алардын аманатынын коопсуздугун немец өкмөтү кепилдээрин айтып жатабыз.

Германия Еврошаркеттин банкрот абалына кептелген банкты сактап калуу аракетин көрүп жаткан жалгыз өлкөсү эмес. Бельгия менен Люксембургдун өкмөтү Fortis деп аталган банк жана камсыздандыруу тобу үчүн сатып алуучуну издеп жаткан. Кечээ белгилүү болгондой, Fortisтин 75% акциясын франциялык PNB Paribas банкы сатып алат. Бул ири компаниянын Голландиядагы бөлүмү өткөн аптада өкмөт тарабынан улутташтырылган болчу.

Кыйынчылыкка кабылган коммерициялык банктарды куткаруу планын Исландиянын өкмөтү да талкуулоодо.

Ушул ишембиде каржылык кризиске каршы көрүлүүчү жооп чараларды талкуулоо үчүн Еврошаркеттин төрт ири өлкөсү: Британия, Германия, Италия, Франциянын лидерлери чукул саммит өткөргөн. Анда төрт өлкөнүн лидерлери каржылык кыйынчылыкты бирге жеңүүнү макулдашты, бирок кандайдыр бир жалпы план кабыл алышкан жок. Ошондой эле банктарга жардам кылуу үчүн Кошмо Штаттардагыдай атайын фонд түзүлбөй турганы билдирилди.

Француз президенти, Еврошаркеттин учурдагы төрагасы Николя Саркозинин айтымында, Европанын ар бир өлкөсү алдында турган көйгөйлөрдү өз каражаты жана ыкмасы менен чечет, бирок иш–аракетин башкалар менен координациялайт.

Ал эми АКШ каржылык кыйнчылыкка кептелген банктардын тейленбей калган карыздары менен нарксызданып кеткен активдерин сатып алуу үчүн 700 миллиард долларга чейин акча ажыратканы жатат. Кыйын-кычыктуу талкуулардан кийин бул планды Конгресстин кош палатасы өткөн аптада жактырды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG