Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

10:45 Саламаттык сактоо министрлигинде штаб түзүлдү


Бул тууралуу билдирген Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда,Нура айылындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча штабды министр Марат Мамбетов жетектейт. Ал эми министрдин орун басары Мадемин Каратаев кырсык болгон жерге жөнөп кетти. Медициналык жардам көрсөтүүчү пункт кырсык болгон жерге 76 чакырым жакын Сары-Таш айылында түзүлгөн. Ал жерде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жардам көрсөтүп, талаа госпиталы жайгаштырылат. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай кан, дары-дармектер жетиштүү. Тез жардам көрсөтүүчү топ менен операция жасоочу жабдыктар, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун гуманитардык жардамы жөнөтүлдү. (AJ)

XS
SM
MD
LG