Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

12:35 Жергиликтүү кеңештерге шайлоого өлкө жарандарынын 61,6 пайызы катышты


Бул тууралуу бүгүн БШКнын төрагасы Дамир Лисовский билдирди. Маалыматка караганда Чүй облусунда шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүп, алардын 71,84 пайызы добуш берсе, төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында 38,48 пайызды түзгөн. Жалпысынан республика боюнча 1 млн 575 миң 183 адам шайлоого катышкан. “Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы бир-эки күндүн аралыгында билинет. Ал эми Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынытыгы бүгүн кечинде чыгышы мүмкүн”,- деди Лисовский. Ал ошондой эле Шайлоо кодексине ылайык жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы он күндүн аралыгында чыгарын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG