Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

15:04 Жарандык уюмдар союзу: Бишкекте бардык жерде добуштар бурмаланды


5-октябрда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда бардык жерде бузуп-бурмалоо, шайлоочуларды манипуляциялоо фактылары орун алды. Бишкекте участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдордун көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышы, ошондой эле байкоочуларга протоколдор менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жаткандыгы Бишкек шаардык кеңешине шайлоо боюнча добуш берүү бурмаланды деп айтканга негиз берет. Шайлоого байкоо салган жарандык уюмдардын союзу шайлоонун жыйынтыгы боюнча бүгүн ушундай мазмундагы билдирүү таратты. «Өткөн шайлоолордо болгон байкоочулардын укуктарын бузуу фактыларына БШКнын кайдыгерлигинен, соттордун жана башка мамлекеттик органдардын ыкшоо позициясынан улам шайлоо комиссияларынын ишинде ачык-айкындык начарлады. Шайлоонун алдында жалпы журтка дүң болгон БШКнын мурдагы төрайымынын билдирүүсү шайлоо системасына болгон ишенимди абдан кетирди»,-деп айтылат ал билдирүүдө. Шайлоого байкоо салган бейөкмөт уюмдар Интернет аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыктарын «Шайлоо» электрондук системасы аркылуу элге жеткиликтүү кылууну Боршайкомдон талап кылышкан. (KCh)

XS
SM
MD
LG