Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

15:20 С.Шабатоева: Кыдыралиев 30-сентябрь түнү Руслан Шабатоевди үйдөн чакыртып кеткен


Ың-жыңсыз жоголуп жаткан депутаттын эжеси Сымбат Шабатоева “Азаттыкка” инисин 30-сентябрда түнкү он эки жарымда үйдөн Байланыш боюнча улуттук агенттиктин деректири Кубат Кыдыралиев чакыртып кеткенин билдирди. Ал телефон чалып жатканына Р. Шабатоевдин апасы күбө болгон. Сымбат Шабатоева иниси Кыдыралиев менен тааныш болгонун, ошондуктан жанына эч кимди албай жалгыз кеткенин айтты. Байланыш боюнча агенттиктин жетекчиси менен жолугушууга аракет кылып, бирок майнап чыкпай жатканын белгилешти. Мындан мурдараак Шабатоевдин туугандары депутаттын жоголушуна Кыдыралиевдин тиешеси бар деген мазмундагы ачык кайрылуу жолдошкон болчу. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов "Азаттыкка" Кыдыралиев депутаттын жоголушу боюнча биринчилерден болуп көрсөтмө бергенин, ал Шабатоев менен 30-сентябрь түнү эмес, 1-октябрда кечинде жолукканын маалымдаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG