Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

ШАЙЛОО БҮТТҮ, СЫН КӨП, ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГА ЭЛЕК...


Көз карандысыз байкоочулар 5-октябрда Кыргызстан аймагында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Ушул эле күнү БШК төрагасы Дамир Лисовский шайлоо ийгиликтүү өттү деп, добуш берүү тыянактары эки күн аралыгында толук чыгарылып бүтөөрүн кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-октябрда түшкө жуук тараткан маалыматына караганда, республика боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын 61,6% пайызы катышты. Алардын ичинен 70, 41% менен Ош облусунда эң көп шайлоочу катышкан, 38, 48% менен Бишкек шаары эң аз шайлоочу катышкан аймак катары катталды. БШК төрагасы Дамир Лисовскийдин айтымында, жалпысынан шайлоо олуттуу мыйзам бузууларсыз, тынч жана мыйзамдуу өттү:

- Негизи олуттуу арыз-даттануулар болгон жок. Байкоочулар, участкалык комиссиялар менен жолугушууларда кемчиликтер иштин жүрүшүндө дароо четтетилип тургандыгын айтышты.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого эл аралык байкоочулар катышкан жок. Мунун себебин БШК ЕККУ байкоочуларын жибербегендиги, Шайлоо системасынын Эл аралык фонду, ЭНЕМО өңдүү бирин-экин уюмдардан арыздар мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч түшкөндүгү менен түшүндүрдү.

Жергиликтүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова муну БШКнын катачылыгы деп эсептеди:

- Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу БШК эл аралык байкоочуларды шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакырышкан да жок, каалаган уюмдарга аккредитация берген да жок. Бул шайлоо жараянында Кыргызстандын артка бир кадам таштаганынын далили болду.

БШК ошол эле мезгилде жергиликтүү байкоочулардын арбын катталгандыгын баса белгилеп, муну демократиялык эрежелердин сакталгандыгынын далили катары көрсөтүүдө. Добуш берүү учурунда талапкерлердин атынан 22670, саясий партиялардан 761, коомдук уюмдардан 447 байкоочу катышкан.

Алардын ичинен алгачкылардан болуп жергиликтүү көз карандысыз байкоочулар шайлоо жараяндары ачык-айкын өткөн жок деген кескин билдирүү менен чыгышты. Сегиз бейөкмөт уюмду бириктирген Жарандык уюмдардын Союзу буга мисал катары протоколдор менен таанышууга мүмкүндүк болбогондугу, протоколдун көчүрмөсү берилбегендиги өңдүү мисалдарды келтирди.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунованын айтымында, шайлоо мыйзамсыз, сабатсыз уюштурулду:

- Округдук шайлоо комиссиялары дагы эле жер-жерлерде шайлоо жыйынтыктарын чыгара элек. Анткени, протоколдордун бардыгы туура эмес толтурулуп, кээ бир жерлерде cандар бири-бири менен дал келбей жатат.

Байкоочулар талапкерлер өзгөчө көп катталган Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгы үчүн добуш берүүдө мыйзам бузуулар көп болгонун айтып жатышат. “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, административдик ресурстар опсуз көп пайдаланылды:

- “Карусель” деген ыкма Бишкекте бул жолу да жасалып, кошумча тизмелер даярдалып, бир эле адамдар бир участоктон чыгып, экинчи участокко барып добуш берип жүрдү. Биздин бир талапкердин сиңдисинин квартирасына алты адамды каттап койгондугун ал өзү аныктады.

Ошол эле мезгилде БШК мүчөсү Самат Бөрүбаев административдик күчтөр колдонулгандыгы тууралуу эч кандай арыз түшкөн жок деп билдирди.

Республика боюнча шаардык, райондук, жергиликтүү кеңештерге жалпысынан 15149 талапкер катышты. Алардын 7643ү депутаттык мандатка ээ болушу керек. БШКнын билдирүүсү боюнча, округдук шайлоо комиссиялары депутаттардын тизмесин он күнгө чейинки мөөнөттө маалымат каражаттарына расмий жарыялайт. Ал эми депутаттардын болжолдуу тизмеси эки күн ичинде маалымдалат. Ага жараша жеңүүчүлөрдүн катарында кимдер, кайсы саясий уюмдардын өкүлдөрү бар экендиги азырынча белгисиз. Оппозициялык күчтөрдүн болжолдуу маалыматтарына караганда, алар сунуш кылган талапкерлердин бири да мандатка ээ болгон жок. Депутат болбой калган талапкерлердин катарында учурда камакта отурган курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков да бар экендиги кабарланды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG