Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

18:20 7-октябрь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды


Мындай жарлыкка президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Жарлыкта, 5-октябрда Ош облусуна караштуу Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондор боюнча 7-октябры аза күтүү күнү деп жарыяланды. Анда курман болгондорго аза күтүп, алардын тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгырып көңүл айтуу менен тиешелүү кызматтарга аза күтүү күнүндө зарыл болгон иш-чараларды көрүүгө, кыргыз өкмөтүнө курман болгондордун жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө белгиленген тартипте жардам көрсөтүүнү, бөөдө кырсыктын кесепетин жоюу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырууга токтом кылынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG