Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

СДП: ДЕПУТАТ ШАБОТОЕВДИ ИЗДӨӨ ИШТЕРИ ӨТӨ ЭЛЕ СОЛГУН ЖҮРҮҮДӨ


30-сентябрдан бери дайынсыз жок болуп жаткан ЖК депутаты Руслан Шаботоевди издөө иштери өтө начар, солгун жүрүп жатат, буга байланыштуу кылмыш иши да козголбоптур. Мындай маалыматты парламенттеги социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов кечээ билдирди. Ал эми ИИМ басма сөз кызматы бул ишке байланыштуу кылмыш иши козголуп, тиешелүү адамдар көрсөтмө беришкендигин маалымдоодо. Жоголгон депутаттын жакындары кечээ коомчулукка кайрылуу таратып, Руслан Шаботоевди издөө иштери өтө солгун жүрүп жаткандыгына нааразылыгын билдиришкен эле.

ЖК депутаты, 34 жаштагы ишкер Руслан Шаботоев 30-сентябрдан бери дайынсыз. Анын эч бир кабарсыз жоголуп кеткендиги тууралуу 3-октябрь күнү парламентте айтылып, ЖК төрагасы Айтибай Тагаев Руслан Шаботоевди жана дагы бир социал-демократчы депутаттын уулу Бактияр Амражановдун дайынсыз жоголушуна байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине расмий тапшырган. 33 жаштагы ишкер Бактияр Амражанов 24-сентябрдан бери дайынсыз жок болууда.

Кечээ эртең менен Руслан Шаботоевдин энеси, эжеси жана жубайы депутаттын жоголушуна Байланыш боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Кубат Кыдыралиевдин тиешеси бар, деген мазмундагы кайрылууну коомчулукка жарыялаган. Кайрылууда айтылгандай 30-сентябрь күнү Руслан Шаботоевди Кубатбек Кыдыралиев чакыртып кеткен, бирок депутат жоголгондон кийин Кыдыралиев унчукпай жүрө берген.

Руслан Шаботоевдин эжеси Сымбат Шаботоеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Кыдыралиев депутаттын туугандарына жолугуудан качып жүрөт:

-Биз ага жолугууга аракет кылдык. Үйүнө бардык. Аялы дагы, өзү дагы чыкпайт, бир жаш кыз бар экен. Телефонубузду калтырсак, аялы телефон чалып, алардын тынчын албашыбызды өтүндү. Мына Русландын жоголгонуна бир жума болду, Кубат Кыдыралиев бир да жолу өзү байланышкан жок.

Сымбат Шаботоеванын дооматы боюнча депутаттын жоголгонуна байланыштуу милиция эч кандай аракет кылган жери жок:

-Биз, туугандары, жакындары өзүбүз иликтөө жүргүзүп, ошол түндө кафенин жанында болгон таксистти, официантканы таптык. Аларды эч ким сурабаптыр. Биз өзүбүз эле чуркап жүрөбүз. Эмне үчүн сурашпайт, эмне үчүн кылмыш ишин козгошпойт?

ЖК депутаты Руслан Шаботоев менен ишкер Бактияр Амражановдун ың-жыңсыз жоголушуна байланыштуу иликтөө иштери өтө солгун жүрүүдө, деп кабатырланды кечээ фракция башчысы Бакыт Бешимов. Социал-демократтар фракциясы кечээ төраганын катышуусу менен ИИМ, УКМК жана Башкы прокуратуранын жетекчилигин чакырып, бирок алардын берген маалыматына ыраазы болгон эмес:

-Биз аларга айттык: Эмне үчүн киши жоголуп атса, мындай начар, солгун мамиле жасап жатасыңар? Силердин кайдыгер мамилеңер бизди тынчсыздандырып жатат. Адам жоголуп атса, алардын туугандары, жакындары, биз кабатыр болуп атсак, аны эске албай эмне үчүн ушундай мамиле жасап жатасыңар, деп эскертүү бердик, -дейт Бакыт Бешимов.

Бакыт Бешимовдун жана дайынсыз жоголгондордун жакындарынын дооматы боюнча, кечээ ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берип, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады. Маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” айтып бергени боюнча иликтөө иштери тыкыр жүргүзүлүүдө:

-Кыдыралиев Кубат суралган. Бул иш боюнча биринчи болуп дал ошол киши көрсөтмө берген. Таксисттердин баары суралган. УКМКнын тобу, биздин тергөө тобу иштеп жатышат. Маалыматтар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарылбайт да.

Ал эми уулу дайынсыз жоголуп жаткан депутат Жусупжан Жээнбеков кечээ анын кабарын билген, табылуусуна көмөк көрсөтө алган адамдар үчүн атайын акчалай сый көрсөтүүгө даярдыгын билдирген маалымат таратты. Жусупжан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ал буга аргасы кеткенден улам барууда:

-Айла кеткендеги чарам. Депутат катары эмес, ата катары ушуга барып отурам. Эгер мага баламды аман алып келип беришсе, мен алардын ким экендигин жашыруун калтырууга сөз берем жана акчалай сыйлык берем.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG