Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

ТАШЫП КЕЛИШТЕН КАРАКЕЧЕ КӨМҮРҮНӨ ЖЕТИШ КЫМБАТ


Бекташ Шамшиев- Бишкек, Күмөндөр Усуптегин-Нарын Каракече көмүр кениндеги өтүмдүү сөз орус тилиндеги “услуга” болууда. Кыргызча “колкабыш, жардам көрсөтүүнү” туюнткан бул сөздү облус бийлиги жаңыча мааниге өткөрүп, кенге келгендердин текши баарын Атбашы, Нарын, Акталаа, Жумгал менен Кочкорго көмүр жеткирип беришке милдеттендирген буйругун чыгарган.

Каракече капчыгайынын арча-карагайы жыш ажайып кооз жерин көргөн киши ал жерден көмүр чыгып калганына биралдын бушайман болчудай. Асман чалган ак мөңгү зоолордун бир капталы оюлуп, түтүн, чаң, баткакка басылган тоонун ичинен көмүр түс ботала суу агууда. Кен чыккан тоонун оң тарабын Токсон-Теке, сол жагын Ала- Байтал, түндүгүн Карала-Арча тоолору ээлеп турат. Бийик чокуларга 38 жыл колхоз коюн жайып келген 70 жаштагы Көлмөн Дадабаев аксакал карагай-арчалардын топурак алдында калып жатканына нааразы.



- “Мээрим” иштетти муну. А.Акаевдин аялы иштетти го.

- Тоонун талкаланып жатканына сиздин ичиңиз ачышабы?

- Ич ачышпай. Бөөдө эле канча карагай жердин алдында калды. Элге берип койсо кыркып алышат эле. Бул жакта эки жактан тең көп эле карагай калды.

Экология тоонун бийик боорунан арбын көмүр казып жаткандарды азырынча ойлонто элек. Ажайып кооз жердин көзкөрүнөө талкаланып жатканына алардын берчү жообу даяр. Нарында кыш алты айга созулат. Каракече уш тапта облусту отун менен камсыз кылчу ири кен. “Шарбон”, “Бешсары”, “Акжол” көмүр кендеринде иштеп жаткан 3 сузгуч-жүктөгүч бузулбай, тоо көчпөй турса иш токтолчудай түрү жок.



Нарын облусунун жетекчилиги ириде көмүр менен өз аймагын камсыз кылып, бюджеттик мекемелерге отунсуу убагында жеткирилишин талап кылган атайын буйрук чыгарган. Каракече көмүр кениндеги көпчүлүктүн оозунан түшпөгөн “услуга” сөз мына ошол буйрукту аткаруудан чыккан. Ал үчүн бир жума облус губернаторунун орунбасары кенди баса жатып, Нарындан атайын ички иштер, МАИ кызматкерлерин алып барып кенге келген машинелердин текши баарын “услуга” аткарууга жөнөткөн.

- Кыйнап атпайбы. Мына Кочкордун акими жакшы көмүрдү карап 2,5 миң сомдон түшүрүп алып жатат. Шалтаев Рысбек деген губернатор орунбасары бул жерге келип алып “кааласаң бош кет, артыңан кууп барып түшүртүп салам” деп элди мыскылдады. Аким, айыл өкмөт башчыларынын баарын чогултуп келбедиби.

Айыл өкмөттө 2800 сомдон 3000 сомго чейин бир тонна көмүргө акча каралат. Анан булардын майын куюп бербейт. Түшүрүп алат, 600 сомдон берип коет. Калган акча кайда кетип жатат? Булар азабын жейт. 10-20 күн жатышат,-
деп айдоочулар жергиликтүү бийликтин жоругуна нааразы.



Нарын облустук акимчилигинен алынган маалымат боюнча октябрь айына карата облуска керектелүүчү 44 миң 558 тонна көмүрдүн 44 пайызы тартылган. Билим берүү тармагы 72 пайыз, саламаттыкты сактоо 54, элге 50 пайыз камсыздалган. Нарын районундагы Ийри-Суу орто мектебинин мугалими Бейшенаалы Бексултанов мектепке кесек көмүр түшкөндүгүнө ыраазы.

Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашов көмүрлөрдү сапаттуу кабыл алуу үчүн атайын курам түзүлгөндүгү тууралуу айтып берди. Анын маалымдашынча, облуска келген 100 тоннадай сапатсыз көмүр кайра артка кайтарылган.

Нарын районундагы Жан-Булак айылындагы орто мектеп 10 жылдан бери электр от казаны менен иштеп келген. Быйылкы жылы болсо көмүр аркылуу жылытылууга өтмөкчү. Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошбек Осмоналиевдин айтуусунда, электр жылыткыч буу казандарын коюп жатканда көмүр менен жылытылчу буу казандар бузулбай сакталып калган.

Соңку маалда Нарын облусунун аймагына сырттан көмүр тартуу үчүн келген автоунаалардын айдоочулары боюнча нааразычылыктар пайда болууда. Алардын жагдайлары боюнча губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашов облус керектөөсү камсыз болмоюнча сыртка көмүр чыгарбоо туралуу буйрук берилгенин, көмүрдү сыртка ташуу көмүр казган компаниялардын макулдугу менен ишке ашырыларын кабарлады. Губернатор орунбасарынын айтканында балким, жүйөө бардыр. Бирок облустук бийликтин жүргүзгөн саясатына айдоочулар нааразы экендиктери айтылып эле келатат.

Айдоочулардын оозунан түшпөгөн орус сөздүн кыргызча маани-мазмуну кандайлыгын сурап Советбек аттуу айдоочуга кайрылдык. Кыйладан бери көмүр ташып, Жумгалдын тамтыгы чыккан татаал жолунда такай каттап келаткан айдоочу колкабыш кылуунун чоожайын бизге момундайча түшүндүрдү.

- Мисалы, биз нак акчага көмүр сатып алып чыксак Кочкордон өткөрбөйт. Андан Кочкорго, Нарынга же башка жакка төгөбүз. Кочкордон Нарынга кетирет. Орто жолдон буруп ийет. Орто жолдон эле биз күйүп жатпайбызбы.

Каракечеге бараткан жолдогу МАИ постторунун жанынан бирин-экин көмүр ташыган машинелерди көрүп барганбыз. Жүктүү машиненин андай жерлерден кантип өтө ала тургандыгын көмүр кенге келгенден кийин айдоочулардын өзүнөн уктук.

- МАИлер турду да, ал жаткан иш. Учурашканың эле 200 сом. Болду кеттиң.
- Канча жолу учурашасыз?
- Мисалы мен Көлгө кетем. Мени бир 12-13 жерден тосот.

Сонун Калемалиева менен Жаңыл Өмүрова турмуштун айынан тоо ичинде жумалап кезек күткөнгө, анан да жакындан бери облус бийлигинин жаңы демилгесине карабай көмүр сатуу түйшүгүнө кайыл болушкан. Алардын айтымында, бул ишке өтүп алган келин-кыздардын саны отуздан ашуун. Сонундун айтымында, жаңы “услуга” анын бизнесине зыяндан башка пайда алып келген жок.



- Бул жерден 1 тоннасын 950 сомдон алабыз. Машиненин соляркасын өзүбүз куюп беребиз. Чыгымдары болуп 3 миң сомдон айланат. Анан көмүр жүктөп Сарычатка келебиз. Ал жерден өткөрбөйт. Эмне десек, акимчилик келет да 2,5 миңден көмүрүңөрдү төккүлө дейт.

Анын айтканын Жаңыл да ырастайт.

- Кезек менен кире албайбыз. Мына үч күндөн бери аял башыбыз менен жүрөбүз. Телегейибиз тегиз болсо үйдө жатпайт белек. Көп аялдар үйдө эле жатат. Анан жетишпеген көр оокат үчүн минтип тоо-ташка келебиз. Мисалы, менин кесибим мугалим. Көр оокат деп Айтта да үйгө жете албай олтурам.

Каракече көмүрүн жергиликтүү бийлик айткан жерге ташып бермейин аны сыртка чыгарбоо тууралуу экономикалык өзүмчүл документтин укуктук негизине кызыккан жан азырынча боло элек. Айрым айдоочулар бюджеттик мекемелерге көмүр ташып беришке деле макул экендиктерин билдиришти. Маселе, алардын пикирин уксак, кыязы, башкада окшойт.

- Оорукана, мектепке жеткирип деле берели. Бирок акчасын төлөп берсин да. Анан бул жерде мыйзамсыз болуп атпайбы. Мына бир күн издеп араң бир нан таптым. Жумгал, Нарынга жеткирип келип өзүнүн акчасына май куят. Майынын литри 35 сомдон. Мына машинени 15 миң сомго жалдап келсе Кочкорго чейин “услуга” жасайт. Дагы 5 миң сомго чыгым болот. Ошону менен банкрот болуп жатып калат. Ортодогу акча изилдениш керек.

Айдоочулардын укугу антип көзкөрүнөө бузулуп жатканын жергиликтүү тургун Байыс Айтбаев да ырастады.

- Өткөндө айттык. “Услугага” бир барып келгенден кое берсин. Жок, эки-үч жолу барып келсин дейт. Каматабыз дейт. Биздин жарандык укугубузду тебелеп жатышат. Андай болбош керек. Азыр бирөөнү бирөөнүн кысташка акысы жок.

Көмүрдү “услуга” үчүн жеткирип бергенден кийин деле толгон-токой тоскоолдуктар каларын, жумалап кезек күтүү дагы уланарын айдоочулардын баары бирооздон белгилешти.

- Мына 6 күн болду. Тамак жок. Кезекти таштап ылдый түшсөң кезегиң жоголот. Ошон үчүн кезерип ачка болсоң да турушуң керек. Кетпей кезекте жылып келатабыз ушинтип.

Каракечедегилердин көңүлүн өйүгөн дагы бир маселе алигече өкмөттүн көмүр кендерин кантип иштетүү жөнүндө ачык саясатынын жоктугунда.

- Өкмөт мобул карьерге жардам бериш керек. Жеңилдетилген кредит бериши керек. Анан жардам бербей эле те Казакстандын Шабыркүл, Майкуба деген көмүрлөрүн алып, Казакстандын өнөржайынын өнүгүшүнө шарт түзүп жатат. Алар 20 – 30 миң доллардан айлык акы алып жатат. А мынабулар 5 миң сомдон алышат. Анысы жолуна эле кетет. Антпей тыяктан вагон-вагон көмүр ташып жатабыз.

2005-жылкы элдик революциядан кийин Каракече көмүр кени Нурлан Мотуевдин тарапкерлеринин колуна тийип, андан соң көмүр кен компанияларынын лицензиялары алынып, кайра берилип ушу кезде үч компаниянын тагдыры арасат бойдон калууда. Байыс Айтбаевдин пикиринде, көмүр кени мамлекет колунда болгондо азыркыдай жагдай түзүлмөк эмес.

- Мамлекет муну өз колунда кармаш керек болчу. Тоокенин иштетүү технологиясы эч качан сакталбайт. Ошон үчүн көп нерселер ушундай болуп жатат. Н.Мотуев да даяр көмүр кенин казып-казып, “ашыңды ичейин” кылып калтырып кетти. Баары калып калды. Бул жерге жаңы техикалар керек. Эски техника менен “өлбө жаным өлбө, араба сынба”, деп эле иштеп жатышат. Мынабул эксковатордун узун учу көрүнүп турбайбы. Ошол жерден 1 метр көтөрүлүп туруш керек. А бул болсо алдында иштеп жатпайбы. Бул коопсуздук техникасына туура келбейт. Жер куласа эмне болот? Өкмөт көмүр бер деп кыстайт. Булар болсо жанталашат.

Адистердин тынчын алган маселе - Каракечеде көмүрдүн тобокелдик менен казылып жатышы. Оор техниканы тоо катмарынын басып калыш коркунучу иш учурунда топтолгон машинелер менен ири эксковатордун үстүндө азыр деле асылып турат. Антип алдакудайлап жүктөлгөн көмүрдүн ташылып жеткирилиши оголе көп тоскоолдуктар менен коштолору айдоочулар айтпаса деле көпчүлүккө дайын.

Кыш жакындаганы отунсуу камылгасы көпчүлүктүн көңүлүн өйүгөн маселеге айланары турулуу иш. Анан эмнеликтен тоннасы 950 сомдук Каракече көмүрү Бишкекке келгенде 4 миң сомду чапчыйт? Күн сууганы бул баа дагы көтөрүлгөнү туру. Анын ичине кесек көмүр жүктөп бергени үчүн 1000 сом алган эксковаторчудан тартып, жол бою көмүр машинелерди күтүп отурган МАИ кызматкерлеринин “саламдашуусу” кошулуп, иши кылып өтүмдүү бизнеске аралашкандардын текши баарынын кол акысы биригип, сатуучунун алар кирешеси эсептелип, эң аягында алгачкы баасынан 5 эсеге көбөйүп чыга келет. Ушундай жөнөкөй арифметика. Ошон үчүн жол азабына чыдап, тоонун суугунда кезерип ачка отурганына кайыл, жумалап кезек күткөнгө макул болгондордун катары күн санап азайбай көбөйүп эле баратат.

XS
SM
MD
LG