Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

7-ОКТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”


Фрунзе шаардык бийлиги 1929-жылдын 7-октябрында борбор калаадагы нан тартыштыгына байланыштуу кескин билдирүү тараткан. Айтылуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун эстелиги 1974-жылдын 7-октябрында тургузулган. 7-октябрь Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясынын күнү.

Фрунзе шаардык бийлиги 1929-жылдын 7-октябрында борбор калаадагы нан тартыштыгына байланыштуу кескин билдирүү тараткан. Шаардык бийлик нан тартыштыгы жасалма жол менен жасалгандыгын белгилеп, борбордо орун алган дүкөндөрдөгү кезек күтүүлөрдүн чыгышы алыып сатаарлардын иши экендигин белгилеген. Кызыл кулактар согуш жаңжалы тутанса деген кыязда, нанды ашыкча сатып алышып, андан сухарь жасоого киришкен. Мындан улам нан тартыштыгы чыгып, дүкөндөрдө аягы суюлбаган кезек күтүүлөр пайда болгон. Шаардык бийлик кызыл кулактыкка каршы чечкиндүү чара көрүлө тургандыгын белгилеп, шаар калкын сабырдуулукка чакырган.

Айтылуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун эстелиги1974-жылдын 7-октябрында тургузулган. Эстелик кызыл гранит таштан чегилип, анын орду Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын түштүк тарабына белгиленген.

Фрунзелик тургундар 1989-жылы СССР Конституциясынын күнү эсептелген 7-октябрда өнүккөн социализм маалында болуп көрбөгөн окуянын күбөлөрү болушкан. Борбордук Ленин аянтына нааразылык менен чыккан эрди-катын Леонид жана Инна Жигайловдор ошол мезгил үчүн жосунсуз жорук эсептелген нааразылык плакаттарды көтөрүшүп, нааразылык акциясын башташкан.

Жигайловдор «ядохимикаттык геноциддге» орун жок жана «ядохимикаттык ууландырууну токтоткула» деген плакаттарды асынып, өкмөт жетекчилигинен таза суу, ынак тамак-аш жана кирделбеген абаны талап кылышкан. Бир топ шаардыктар жигайловдорду колдой тургандыгын билдиришип, дептерге кол коюп бере башташкан. Көп өтпөй Биринчи май райондук ички иштер кызматы жигайловдорду «санкциясыз митинг өткөргөндүгү үчүн кармагандан кийин Кыргызстандагы биринчи нааразылык акция соңуна чыккан.

7-октябрь Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясынын күнү. Граждандык авиация күнү Кыргыз өкмөтүнүн 1994-жылдын 3-октябрдагы токтомуна ылайык белгиленип келет. Өкмөттүк токтомдо граждандык авиациянын экономика, маданият жана элдик чарбанын өнүгүшүнө кошкон салымы көрсөтүлүп, анын тармактык өнүгүшү үчүн көрүлчү чаралар мерчеми аныкталган.

Оппозициялык «Реформа үчүн» кыймыл 2006-жылдын 7-октябрында кеңейтилген жыйын өткөрдү. Анда 2-ноябрда өтүүчү мөөнөтсүз митингде козголуучу жана кыймылдын буга чейин өткөргөн үч курултайында көтөрүлгөн талаптардын аткарылышы, конституциялык реформа, кадр саясаты, түндүк-түштүк маселеси талкууланган.
XS
SM
MD
LG