Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

08:50 Бүгүнтөн тартып региондордо электр жарыгы 12 саатка чейин өчүрүлө баштайт


Бул тууралуу өнөр- жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков “Азаттыкка” билдирди. Министрдин айтымында, мындай демилгени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү электр жарыгын үнөмдөө боюнча чектен чыкпаш үчүн көтөрүп чыгышты. Мындай демилге кышкыга даярдык көрүү боюнча штаб башчысы, биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев тарабынан колдоого алынды. Ошондой эле Сапарбек Балкыбеков республика боюнча электр жарыгын маал маалы менен өчүрүү 1-ноябрда, жылуулук сезону башталганда толугу менен токтотулаарын кошумчалады. Маалыматтарга караганда, учурда “Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 620 млн куб метрди түзөт. Бул быйылкы жылдагыга караганда 4млрд 110 млн куб метрге төмөн.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG