Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Бүгүн Алайдын Нура айылында мурда күнү кечиндеги катуу жер титирөөдөн ажал тапкан 74 адамдын сөөгү жерге берилет. Кырсык болгон жерге бүгүн өлкө президенти барышы кабарланууда. Зилзаладан жабыркаган Алайдагы соңку жагдай, жабыркагандарга жардам көрсөтүү чаралары тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна чукул кырдаалдар министринин орун басары Бакирдин Жолчуев жооп берди.

- Жер титирөөдөн жабыркаган адамдар кандай жайгаштырылып жатат?

- Жер титирөөдөн жабыркаган 20 кишини кечээ күндүзгү саат бир жарымда тик учак менен алып келдик. Андан кийин ошол эле тик учак Оштон керектүү эмеректер менен учуп барып, кайра жабыркаган 40 кишини алып келди. Алар Ош облустук ооруканага жайгаштырылды. Эң башкысы Саламаттык сактоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тыгыз байланышта иштеп, саат сайын байланышып турдук. Жардамга өтө муктаж адамдарды күтүп алуу тартибин Ош аба майданында уюштурдук. Азыркы кезде 60 киши облустук ооруканага жайгаштырылды. Алар тийиштүү медициналык жардамдарды алып жатат.

-Нура айылында бардык үйлөр кыйрап калганы айтылууда. Айыл калыбына келтирилеби, же башка жакка көчүрүлөбү?

-Айылда үйлөр негизинен кыйрап калган. Анын айынан каза болгондордун да, жабыркагандардын саны да улам өсүп барып, 72 кишиге жетти. Бүгүн ошол кишилердин сөөгү жерге коюлат. Биз бияктан мусулманчылыктын шартына ылайык кепин жана башка нерселерди даярдап, диний кааданы жасоочу нерселерди жеткирип бердик. Ал эми айылды калыбына келтирүү, же элди көчүрүү, айылдын келечеги кандай болорун иликтеп туруп чечебиз. Бүгүнкү башкы милдетибиз тамак-аш, башка зарыл буюм-тайымдарды жеткирип берүү. Бүгүн президент баргандан кийин чечимдер кабыл алынат. Биздин министрликтин милдети чукул чараларды көрүп, сактап калуу жана жашап туруунун шартын түзүп берүү.

-Россиядан жардам келери кечээ күнү кабарланган. Ал жардам келдиби?

- Бүгүн Москва убактысы боюнча саат ондо, биздин убакыт боюнча саат он экиде Ил-76 деген учак учат. Биз саат төрттө аны Ош аба майданында күтүп алабыз. Жүк биздин дарекке түз жөнөтүлүп жатат. Жылытыла турган 143 чатыр, анын ичинде 143 меши бар. 7 чоң чатыр бар. Ал оорукана, же балдарды окутууга пайдаланылат. Андан башка дагы майда эмеректер бар экени айтылууда. Жүк бүгүн түшөт. Биз андан ары тийиштүү жерге жеткиребиз.

-Нура айылына жакын жерлерде башка айылдар канчалык жабыркады. Алар иликтендиби?

- Биздин иликтөө тобубуз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кечээ күнү айыл өкмөттөрү жана өзүбүздүн топтор менен байланыштык. Урап калган үйлөр жок. Бирок зыянга учурагандар бар. Аларга жардам көрсөтүүнүн жоболору бар. Иликтөө иштеринин соңунан кийин тизмеси түзүлөт. Курулуш боюнча атайын институт бар. Алардын адистери менен үйлөрдүн жашоого жарактуу, же жарактуу эместиги аныкталат. Алардын корутундусуна жараша жардам берилет. Нура айылынан башка жерде кыйрап калган үйлөр жок.
XS
SM
MD
LG