Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

ПУТИНДИН “БУРЖУАЗИЯСЫН” КЕЛЕЧЕК СААБЫРКАТАТ


Орус лидерлери борбую жаңыдан көтөрүлүп келаткан орто тапты өнүгүүнүн башкы огожосу көрүшөт. Бирок дүйнөлүк финансы чөйрөсүндөгү кризистен улам өлкөдөгү чакан жана орто фирмалардын иши чалыштай баштады. Эксперттер орус коомундагы орто тапты алдыда кыйын ыкыбал күтүп турганын эскертишүүдө.

Санкт-Петербург шаарынын тургуну Александр Звягин - орус коомунда жаңыдан тирденип келаткан орто таптын өкүлү. Ал өзүнүн чакан фирмасында жону калың жогорку катмардын өкүлдөрү үчүн чакан кайыктарды жасайт. Азырынча иши дурус эле жүрүп жаткандай, бирок алды жак бир топ дүмөктүү көрүнө баштады.

-
Чакан кайык жасаганга орточо 18-36 апта керек болот. Андыктан кризистин капшабы азыр байкала элек, бирок жакынкы аралыкта акча кымбаттайт, кредит кыскарат, керектүү каражат алуу кыйындайт, ошондо кыйынчылыкты жон терибиз менен сезерибизде калет жок, –дейт ал.

Звягиндин камтамачылыгын Москвадагы глобализация институтунун директору Михаил Делягин бышыктады. “Бизнес үчүн бул чоң проблема, - дейт ал.- Анткени айлантма капитал үчүн, өндүрүштү кредиттөө үчүн акча алуу мүмкүнчүлүгү кыскарууда, мунун баары айланып келип азыр болбосо да жакынкы аралыкта орто тапты колго чабат. Анын кесири 1998-жылдагыдай болбосо да жагдай бир топ эле начарлайт”.
Социологдор эсебинде, Россиядагы орто таптын катмары жалпы калктын 25-30 процентине жакындап калды. Анын катары өскөн сайын турмуш деңгээли да жакшырып баратат. Борбую жаңыдан көтөрүлүп келаткан бул катмарды адатта “Путиндин буржуазиясы” дешет. Анын өкүлдөрү да Путиндин тушунда түзүлгөн бийлик системасын кабыл алып, анын шарт-талабы менен иштегенге кынык алып калышты.

Москвадагы инвестициялык банктын өкүлү Роналд Наш “Россияда экономиканын негизги күчү саналган орто таптын өсүшүн Путиндин башкы жетишкендиги” катары баалап, эгер бул катмардын кендири кесилсе, анда буга чейинки ийгиликтерге да адамдардын ишеними кетерин эскертти.

Орус экономикасы Путиндин президенттиги учурунда жылына 7 проценттен кем эмес өсүшкө жетишип турду. Анын арымы быйыл майдан тартып биртке басаңдап кетти. Фонд биржасындагы негизги жарнактар аталган мезгил аралыгында 60 процентке арзандады. Кавказдагы согуштан улам чет элдик капитал өлкөдөн агылып кете баштады.

Жагымсыз жагдайларды ооздуктоо үчүн өкмөт сентябрдын ортосунда банк секторуна 50 миллиард доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүү планын жарыялады. Роналд Наш бул чараларды кризистин кылоосун мокотуу максатында өз маалында жасалган кадам болду деп эсептейт. Орус бийликтери АКШдан бир жыл мурда озунуп финансы чөйрөсүн колдоонун кам-чомун көрө башташканын белгилеп, чет элдик банк эксперти дүйнөлүк кризис Россияга таасирин тийгизерин, бирок бир катар жүйөөлөрдөн улам орустар Батыш өлкөлөрүндөй зыян тартпай турганына ишенерин билдирди.

Ал эми Александр Звягин болсо бу жолку кризистин өткүр мизи жону калың катмарга анчейин сезилбегени менен өзү өңдөнгөн орто бизнес өкүлдөрү андан зыян тартарын айныксыз иштей көрөт.

XS
SM
MD
LG