Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Быйыл августа россиялык аскерий күчтөрдүн Грузияга басып кирүүсүн эларалык коомчулук катуу сынга алды. Москванын баскынчылык саясатын таанымал француз философу Андрэ Глюксман өзгөчө курч сындады. Россиядагы кырдаалды кунт коюп байкап жүргөн ойчул-илимпоз «Азаттык» радиосуна берген интервьюда Москванын тышкы саясаты, Грузия чатагы учурундагы Европанын позициясы жана Путиндин доктринасы жөнүндө айтып берди.

Белгилүү француз философу Андрэ Глюксман “Le Mond”гезитинин сентябрдагы сандарынын бирине берген интервьюда россиялык аскерлердин августа Грузияга басып кирүүсүн «Путин доктринасынын» туундусу деп сыпаттаган эле. Бул эмне болгон доктрина? Владимир Путин кээде өз оюн жашырбай айтканда саясый көз карашын же доктринасын ачык ортого салган, бирок ага серепчилер өз учурунда жетерлик көңүл бурушкан эмес, деп түшүндүрөт Глюксман:

- Путин 2005-жылкы бир сөзүндө Советтер Союзунун 1991-жылкы ыдырашын ХХ-кылымдагы эң чоң геосаясый катастрофа деп атады. Бул эмне 10 миллион европалыктын өмүрүн жалмаган I Дүйнөлүк Согуштан да зор апаатпы? Же дүйнөнүн 50 миллион калкынын каны төгүлгөн II Дүйнөлүк Согуштан да чоң апаатпы? Же Освенцимдеги кыргын, же Хиросиманы бомбалоо, же ГУЛАГдагы адамдарды жок кылуудан чоң алааматпы? Путиндин ушул сөзү анын саясатынын маңызын, мүмкүн болушунча Россияга коңшу өлкөлөр менен мурдакы советтик империянын курамындагы провинцияларда Москванын үстөмдүгүн орнотуу аракетин айгинелейт.

Андрэ Глюксмандын сөзүнчө, Владимир Путин берлиндик кирпич коючулардын 1953-жылкы, 1956-жылкы Будапешттеги жана Польшадагы ынкылапты, орус интеллектуалдары арасындагы диссидентчилик кыймылынын жана Прага жазы сыяктуу СССРдин, ошондой эле Берлин коргонунун кыйрашына алып барган саясый окуялардын тарыхын жакшы билет. Ошон үчүн Грузиядагы «Роза» жана Украиндагы «Саргымтыл» ревоюцияны мына ошол улам кайталанчу революциялардын уландысы катары көрөт. Путин ошондой ынкылапты кайра болтурбоо үчүн анын алдын алууга аракет кылат. Ошон үчүн Россия Грузияга чабуул жасады. Ошон үчүн Путин Европа үчүн коркунучтуу, дейт француз илимпозу. Анын пикиринче, Москванын Грузияга кол салуу - Евробиримдикти эки жаатка бөлөт деген үмүтү таш капты:

-Москва ар бир өлкө менен менен өз алдынча мамиле түзүп, Европа Биримдиги менен мүмкүн болушунча аз катнашка аракет кылды. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдик кагаз бетинде гана бар, анын мүчөлөрүнүн эгоизми алардын биригүү жөндөмүнө караганда күчтүү деп бекем ишенген. Орус аскерлеринин кичинекей өлкөгө каршы баскынчылыгын Биримдик чогуу сындаганына биз күбө болбодукпу.

Европа Россиянын мунай-газына көз каранды деген пикирге Глюксман кошулбайт:

-Биз Россиянын мунай-газына көзкаранды болбой калдык. Азыр Россия Европага көз каранды. Себеби, Россиянын бюджети 70 процентке мунай-газдан түшкөн кирешеге көз каранды. Бюджетти толтуруу үчүн Россия мунай-газын сатыш керек. Россия учурда Евробримдикке мунай-газ гана сата алат. Кардар соодагердин кулу болгондой эле соодагер кардардын кулу. Ошон үчүн, эч кандай көз каранды эместик жок.

Белгилүү философ бир курдай Россияны үйлөп койгон чаначка салыштырган. Эбегейсиз финансылык ресурска жана кубаттуу армияга ээ өлкөнү берегидей баалоо себебини Глюксман мындайча түшүндүрөт:

- Россияны Кытай менен салыштырсак, эки өлкөдө тең коммунизм тууган бир партиялуу авторитардык бийлик өкүм сүрүүдө. Бирок экөөнүн айырмасы чоң. Мисалы, Россия мунайдын кымбаттоосунан пайда көрүп жаткандыктан, ал дүйнөлүк каржылык кризиске кызыкдар. Россия Сауд Арабиясы сыяктуу табигый байлыктардын эсебинен жашап, өнөр жай тармагын өнүктүрбөй жатат. Ошон үчүн аларда Кытайдагыдай экономикалык керемет болгон жок. Дүйнөдө канчалык көп проблема болсо, Россия өзүн ошончолук кубаттуу сезет.

Ирандын ядролук проблемасына байланыштуу кризисти 5+1 тобунун алкагында жөндөөгө Москванын көп дилгирленбей жатканы да ушуга байланыштуу деп ойлойт франциялык философ:

- Албетте. Россия үч нерсеге таянат: Россия өзктүк кубаты боюнча дүйнөдөгү экинчи өлкө экени чындык; Россия экинчи чоң каруу жарак сатуучу өлкө экени да чындык; Россиянын отун энергия байлыктарына ишенип, жаш демократиялуу өлкөлөрдү шантаждап жатканы да чындык. Өлкө куралды Иранга, Венесуэланын президенти Хуго Чавеске, ХАМАСка, Хизболлага сатууда. Россияга окшогон кризистик жагдайда гүлөп-өскөн өлкөлөр жалпы фронт түзүштү.

Ирандын ядролук чатагына арачылык кылчу 5+1 тобуна Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин вето укугуна ээ беш мүчөсү АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция, ошондой эле Германия кирет.
XS
SM
MD
LG