Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Алай районундагы Нура айылында жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүнүн жүрүшү боюнча “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев маалымат берди.

- Азыркы мезгилге карай жер титирөөдөн жабыркагандардын баары кооптуу жайга чыгарылдыбы? Канча адам жабыркап, кандай жардамга муктаж болуп жатышат?

- Кечээтен баштап Бишкектен жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен министр баш болуп келип ошол жерде кыйраган үйлөрдүн астында калган адамдарды чыгарышты. Кечээ кечки убакыт боюнча маалыматта 72 адам каза тапкан деп айтылган. Андан кийин бирөө кечээ кечинде облустук ооруканада каза болду, ошентип курмандыктар 73 адамга чыкты. Алардын ичинде 38 аял, 35 эркек, бирок көпчүлүгү - 41 бала болуп атат. Отузу мектепке чейинки, он бири мектеп курагындагы балдар, 19 чоңдор, 12 пенсионер.

Биз биринчи жабыркаган 26 адамды, андан кийин калганын үч вертолет менен алып келдик. Азыр 139 адам медициналык жардамга кайрылган. Анын ичинен мен айткандай бирөө каза болду. Оорлору да бар. Медициналык жардам керек боло тургандар да бар. Бирок биз эси чыгып калгандарды карап, кечээ 90го жакын адамды балдар ооруканасына жаткырдык. Бүгүн алардын медициналык жардам керек боло тургандарын жаткырып, медициналык жардам керек болбой тургандарын дагы жергиликтүү мамлекеттик бийликтери менен бирге чечебиз аларды жылдыруу боюнча. Мүмкүнчүлүккө жараша бардыгына жардам көрсөтүп, кечээ дарыгерлерди бүт ишке салып, андан тышкары бизден үч бригада кечээ чыгып кетти. Бул жерден үч “тез жардам” машинасы кетти, анын ичинде травматолог, реаниматолог, нейрохирург кошуп жибердик. Алар жеринде жардам көрсөтүшөт.

- Дары-дармек жагынан жетиштүү болуп атабы?

- Дары-дармек жагынан баары жетиштүү. Биз өзүбүз дагы бүт мобилизация жасадык. Андан тышкары кечээ “Кызыл крест” коому дагы алып келди гуманитардык жардамды.

- Жер титирөө болгон жерде айрыкча санитардык абалдан алып караганда, сөөктөрдү жашыруу маселеси тезинен болуш керекпи?

- Ал жерде молдолор бар, айыл өкмөттүн башчылары бар. Кечээ ошол жердеги үй-бүлөлүк дабакерлер борборунун имаратына кирдик. Бирок ал жерде дагы дубалдар жарылып кеткен. Жакшы палатка тигип туруп ал жерге дезинфекция кыла турган раствор, самын, жуунгуч, гигиеналык каражаттарды жеткирүү маселесин чечип атабыз.

- Ооруканадагы балдардын ичинен оорлор дагы көппү?

- 17 бала медициналык жардамга муктаж болуп атат. Абалы өтө оор дегенден алысмын.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG