Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

15:04 Зилзалада мерт болгон 74 кишинин сөөгү бүгүн жерге берилди


“Азаттыктын” кабарчысы Алишер Токсонбаевдин Сарыташтан билдирген маалыматына караганда, бүгүн эртең менен Нура айылына барган президент Курманбек Бакиев сөөк коюу тажиясына катышып, каза болгондордун жакындарына жана кырсыкка кабылгандарга көңүл айтты. Президент Бакиев кырсыкка кабылган үй-бүлөлөрдүн ар бирине 200 миң сомдон үстөксүз ссуда берүүнү убада кылды. Мындан тышкары президенттик фонддон 2 миллион сом, премьер министрдин фондунан 2 миллион сом берилерин, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17 миллион сомдук жумуштарды аткарарын билдирди. 5-октябрдын түнүндөгү катуу жер титирөөдө Алайдын Нура айылында 130 үй кыйраган. Мындай маалымат облустун губернатору Аалы Карашевден алынды.(BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG