Мындай билдирүүнү «Азаттыкка» оорукананын директору Абдисамин Анарбаев билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн ооруканада бир үй-бүлөдөн 4 кичине бала энесиз калышты. Алардын атасы ооруканага түшкөн эмес. Жалпы ооруканага түшкөн 76 баланын 34 ар кандай жарааттарды алган, калгандары - катуу коркуп калгандар. «Ооруканага абдан оор абалда түшкөндөр да бар. Бирок алардын абалы азыр турукташып калды. Биздин кызматкерлер аларга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жатышат»,-деп кошумчалады Абдисамин Анарбаев.(AzK)