Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

16:15 ЖК комитети Баткенге облустук маанидеги шаар макамын берүү боюнча долбоорду жактырды


Мындай мыйзам долбоорун бүгүн парламенттин аймактык өнүгүү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу комитети карады. Комитет жыйынында бул маселе боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин башчысы Мамасадык Бакиров баяндама жасап, облустук маанидеги шаар деген макам берилсе облус борборунда ишканалардын, бир катар кесиптик, орто окуу жайлардын ачылышы шартталып, ошону менен катар эле миграция толкунуна тоскоолдук болорун белгиледи. Жыйын соңунда комитет бул мыйзам долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Баткен шаарына облустук маанидеги шаар статусун берүү тууралуу аталган шаардын тургундары жогорку бийликтерге буга чейин бир канча жолу кайрылышып, мындай макам ыйгаруу менен чегара, суу, жол, жер маселелерин өз учурунда чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгилеп келишкен.
Мындан тогуз жыл мурда, 1999-жылдын 13-октябрында Баткен облусу түзүлгөндө ошол кездеги Баткен айылы облус борбору болуп негизделген. Кийинчерээк ага райондук маанидеги шаар макамы берилген. Учурда Баткен шаарында 23 миңден ашуун калк жашайт.(AzK)

XS
SM
MD
LG