Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:32

8-ОКТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”


1939-жылы Фрунзе шаардык кеңештин 288 депутатынын 148 өкүлү эл душманы атыгып камакка алынган. СССР Конституциясынын Жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу 1977-жылдын 8-октябрында Фрунзе шаарынын тургундары өкмөт аянтына чыгарылган.

Кокон хандыгына каршы козголгон кыпчактар бийлик үчүн олуттуу коркунуч жаратканы маалым. Мындан улам кыпчак козголоңунун жетекчиси Мусулманкулга каршы жазалоо компаниясын Худаяр хан өзү жетектөөгө мажбур болгон. Каршылашкан тараптар ортосундагы салгылаш 1852-жылдын 8-октябрында Былкылама жергесинде жүрүп, хандык аскерлер чечүүчү жеңишке жетишишкен. Жеңилген тарап Наманганга качып, Худаяр хан алардын артынан сая түшө кууган.

Тарыхый фактылар далилдегендей, көтөрүлүштүн чыгыш себеби, Мусулманкулдун кадрдык саясатынан улам келип чыккан. Мусулманкул хандык администрациядагы кызматтарга жалаң кыпчактарды коюп баштаган. Чечүүчү орундарга жалаң кыпчак адамдарынын дайындалышына нааразы болгон өзбектер кыпчактарды кырууга киришкен. Жазма булак маалыматтарында Худаяр хандын «шайтан алгыр урууну» жер менен жексен кылуу керек» деген көрсөтмө бергендиги кабарланат.

Сталиндик кызыл террор маалында кенедей күнөөсү бар да, бейкүнөө адамдар да жазага тартылып, адал менен кылмыштын ортосундагы аралык таанып билгиз даражага жеткирилген. Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкандар менен кызыласкерлердин кеңешинде да 1939-жылдын бул күнү ушундай эле абал өкүм сүргөн. Шаардык кеңештин 288 депутатынын 148 өкүлү эл душманы атыгып камакка алынып, көп өтпөй алардын бир даары атылып кеткен.

Фрунзе шаарында жарык көрчү маалымдоо каражаттары 1939-жылдын 8-октябрында «ТАССтын төгүндөөсүн» жарыялашкан. Советтер Союзунун Телеграфтык Агенттиги советтик аскер күчтөрүнүн Кытай Элдик Республикасынын Синьцзян чегарасына жакын жайгаштырылып, ал түгүл Синьцзян провинциясынаа киргизилди деген кабарды кескин түрдө жалган кабар экендигин билдирген. ТАССтын билдирүүсүндө, мындай ушак лондондук жана нью-йорктук маалымдоо каражаттарынын карасанатай иши катары бааланыш керектиги белгиленип, жалган ушак атайын чагымчылдык максатта таратылгандыгы кабарланган.


СССР Илимдер Академиясына караштуу Кыргыз филиалынын археологиялык экспедициясынын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору А. Н. Бернштам 1944-жылдын 8-октябрында Нарын дарыясынын жогорку агымында жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыгы туурасында отчет берген. Айтылуу археологдун белгилөөсүнө ылайык, Нарын жергеси илгертеден бери Азия континентиндеги мамлекеттердин тагдырын чечкен көчмөн калктардын бешиги болуп келген. Археологиялык экспедиция тарабынан жогорку Нарындан хуннулардын маданиятына тиешелүү жана сасаниддик мезгилге таандык материалдар табылган.

Кыргызстандын фауна жана флорасын коомчулукка таанытууда зор эмгек сиңирген фрунзелик журналист Василий Борзуковдун акыркы макаласы «Советская Киргизия» гезитинин 1947-жылдын 8-октябрдагы санына жарыяланган. Айтылуу чөлкөмтаанычу жана белгилүү натуралист Василий Борзуков адистешкен кесибине ылайык Кыргызстандын жаратылышын талыкбай иликтеп, анын ажайып өзгөчөлүгүн гезит беттерине үзбөй жарыялап турган.

Фрунзе областы 1949-жылдын 8-октябрында СССР калктарынын «жол башчысы» жолдош Сталинге мамлекет кампасына эгиндин пландан ашык төгүлүшү туурасында рапорт берди. Областтын эмгекчилери Чүй өрөөнүнөн 500 миң пуд эгинде пландан ашык жыйнашкан.


СССР Конституциясынын Жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу 1977-жылдын 8-октябрында Фрунзе шаарынын тургундары өкмөт аянтына чыгарылган. Эски борбордук аянтта колдоруна Ленин менен Брежневдин портреттерин көтөргөн адамдар Жаңы редакциядагы Конституциянын кабыл алынышын социализмдин улуу жеңиши катары баалашкан.
XS
SM
MD
LG