Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

МОСКВАДА АННА ПОЛИТКОВСКАЯНЫН АРБАЙЫН ЭСКЕРИШТИ


Мындан эки жыл мурда 7-октябрда журналист Анна Политковскаянын өмүрү кыйылган эле.Кылмышкерлер аны өз үйүнө кире бериште атып кетишкен. Тергөө органдары бул ишке катышы бар деп төрт кишини айыптоодо: алардан үчөө азыр камакта, бирөө эл аралык издөөдө турат. Журналисттин көзүн тазалоону аларга ким табыштаганы дале аныктала элек.

Өткөн аптанын башында Башкы прокуратура кармалган үч айыпкердин иши тергелип бүтүп, сотко ашырылганын билдирген эле. Бирок Анна Политковскаянын кесиптештери, атап айтканда, “Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратов иштин акыр аягына чейин тергелишин талап кылды. “Заказчы ким экени аныкталган жок, башкы кылмышкер из жашырып качып кетти, ушуну кантип иш бүттү деп айтканга болот?”- деп собол койду Муратов.

Прокуратура Политковскаяны аткан кылмышкер Батыш Европада жашырынып жүргөнүн маалымдап,конкреттүү өлкөнү атаган ээмес эле. Жакында Белгиянын ички иштер министрлиги чын эле Москва издөө салынган кылмышкерди кармап,өткөрүп берүүнү өтүнүп кайрылганын ырастады.

Айыпталгандар арасында мурда уюмдашкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча Москванын ички иштер башкармалыгында иштеген кызматкер да бар. Ушундан улам Политковскаянын кесиптештери кылмышкерлерге журналистти акмалап, анын изине түшкөнгө жана акырында аны тындым кылганга жардамдашкан адамдар тергөө органдарында болушу керек деп болжолдошот.

Дүйшөмбү күнү Венадагы басма сөз институту орус бийликтерин Политковскаянын өлүмүнө тиешеси бар адамдарды соттоп, заказчыны аныктоого чакырды. Эл аралык Amnesty International уюму атайын доклад жарыялап, журналисттер “Россияда, айрыкча Түндүк-Кавказ регионунда мурдагыдай эле кооптуу абалда иштеп жатканын” белгиледи. “Аларды уурдап кетишет, кыйнашат, кол салышат, көзүн тазалайбыз деп коркутушат, айрымдары белгисиз жагдайда каза болушат”,-деп айтылат документте.

Анна Политковская Түндүк Кавказдагы ушундай жагдайдын курмандыгы болгон. Өзү иштеген “Новая газетада” ал экинчи чечен согушу маалында дал ушул аймакта дайынсыз жоголуп жаткан адамдар темасын такай козгоп турган. ”Политковская тындым болгон соң үч айдан кийин керемет деп айткыдай иш болду: Чеченстанда уурдалган адамдардын саны кескин кыскара түштү”,-деп эскерди “Мемориал” борборунда өткөрүлгөн атайын кечеде уюмдун мүчөсү Александр Черкасов.

“Новая газета” өзүнүн дүйшөмбү күнкү санын үргүлжү бойдон Анна Политковскаянын арбайына арнады. Эртеси Сахаров атындагы музейде бул окуяга байланыштуу атайын фотокөргөзмө ачылды. Ошол эле күнү журналисттер менен укук коргоочу активисттер митингге чогулушуп, Политковскаянын ишин толук териштирүүнү, алдыдагы сот процессин ачык мүнөздө өткөрүүнү талап кылышты. Журналистти ошондой эле Петербургда, Екатеринбургда жана башка жерлерде эскеришти.

Мунун алдында ооганстандык журналист келин Малалай Жойага Политковская атындагы сыйлык ыйгарылды. Жойа үч жыл мурда парламентке шайланып, мурдагы можахеддердин башчыларын сот жообуна тартууну талап кылганы үчүн куугунтукка алынган. Аны төрт ирет тындым кылганга аракет кылышты. Былтыр Ванкувердеги сөзүндө “ооган парламентинен көрө аткана же зоопарк жакшы, анткени тайкар жок деле дегенде жүк тартканга жарайт” деп айтканы үчүн депутаттык мандаттан ажыратылган.

Политковскаянын урматындагы сыйлыкты дүйнөлүк таанымал саясатчылар менен коомдук ишмерлердин, алардын арасында Вацлав Гавел, Збигнев Бжезинский, Людмила Алексеева өңдүү ысымдардын колдоосу менен түзүлгөн атайын фонд уюштурган. Бул сыйлык былтыр чеченстандык укук коргоочу жана журналист Наталья Эстемировага ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG