Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

ЖОГОЛГОН ДЕПУТАТТЫН ИЗИ ЧЫГА ЭЛЕК


Аманбек Жапаров, Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип, соттук-укуктук реформа комитети парламент депутаты Руслан Шаботоевдин жана депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амражановдун жоголушу боюнча Башкы прокуратуранын, Коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. Комитет укук коргоо органдарына тез арада буга байланыштуу иштин бетин ачып, жыйынтык чыгарууну тапшырып токтом кабыл алды. Ички иштер министринин орун басары Дмитрий Феодоров бул боюнча козголгон эки иш тең тиешелүү кызматтар тарабынан иликтенип жатканын маалымат жыйынында билдирди. Коомдук жана укук коргоо уюмдарынын айрым мүчөлөрү тартип коргоо органы кылмыштуулуктун бетин ачуунун ордуна, митинг-пикеттерди таркатып, оппозициянын изине түшүү менен чектелип калышты деген пикирде.

Парламенттин Коргонуу, коопсуздук, тартип, соттук-укуктук реформа комитетинде каралган маселелер тууралуу СДПК фракциясынан депутат Жусупжан Жээнбеков буларга токтолду.

- Бүгүнкү комитеттин отурумундагы негизги маселе депутат Руслан Шаботоев жана депутаттыкка кандидат Бактияр Амражановдун маселеси каралды. Иликтөө ишин күчөтүү боюнча токтом кабыл алынды. Азыр укук коргоо органдары тарабынан бардык аракеттер жасалып жатат. Көптөгөн версиялардын бардыгы камтылган. Жер-жерлерде издөө иштери дагы жүргүзүлүүдө.

Жээнбеков белгилгендей уулу Бактиярды курал менен коркутуп, уруп алып кеткендерди көргөн күбөлөр көп. “Кылмышкерлер эртеби-кечпи акыр түбү табылат. Эгерде Бактиярды алып кеткендер болобу же анын кайсыл жерде экенин билгендерби айтор кимде-ким так, анык маалыматты айтып келгендердин коопсуздугун жана жашыруундулугун камсыз кылып, ата катары ири көлөмдөгү сыйлык берем”,- деди Жээнбеков.

Комитеттин жыйынынан чыгып келаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Мурат Суталиновго бул иш боюнча ал жетектеген коопсуздук кызматы кандай иш аракеттерди көрүп жатканына кызыгып суроо узаттым.

Мурат Суталинов : - Учурда бул эки иш боюнча Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул эки ишти президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлгө алды. Мага жеке тапшырма берген, “милиция менен чогуу иштеп, аракеттерди көрүп, тиешелүү чараларды көргүлө”- деп. Азыр эки иш боюнча издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ушул эле күнү ички иштер министринин орун басары Дмитрий Феодоров маалымат жыйынын өткөрүп Руслан Шабатоев менен Бактияр Амражановдун жоголушу боюнча ийне-жибине чейин маалымат берип, ар кандай өңүттө иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, алынган маалыматтарды анализдеп карап көргөндө экөөнүн тирүү экендигине чоң үмүт бар. Федоров бул окуя коммерциялык ишке байланыштуу болушу мүмкүн экендигин белгилеп, муну саясатка аралаштырууга эч кандай негиз жоктугун кошумчалады.

“Интер-билим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева болсо тартип коргоо кызматы коомчулукту дүрбөлөңгө салган кылмыштардын бетин ачуунун ордуна оппозициянын изине түшүп, митинг-пикеттерди таркатуу менен чектелип калды деген пикирде.

- Чындыгында акыркы үч жылда укук коргоо органдарына ишеним жок деп айтса да болот. Себеби дегенде, канча адамдар атылып кетишти. Алардын ичинде депутаттар дагы болду. Белгилүү спортчулар дагы бейкүнөө өлтүрүлдү. Ал түгүл мектепте окуган балдардын арасында дагы бири-бирин сабап, өлтүрүп кеткен фактылар кездешип жатат.Ошондуктан мен ойлойм, бүгүнкү күндө биздин милиция өзүнүн профессионалдык иштерин начар аткарып жатышат. Менин байкаганым боюнча милиция көбүнчө оппозицияны аңдып жүрүшөт. Тынч митинг, жыйындарга чыккан жаш балдарды кармап сотко алып барып жатат. Мына мурда күнү шайлоо күнү милициялар шайлоо бүллетендери салынган үкөктү ала качып жүрүшөт дейт. Азыр аларда кылмыштардын бетин ачуу деген түшүнүк дагы жок болуп баратат окшойт. Крминал бири-бирин өлтүрүп жатат. Ошону ИИМ интернет аркылуу жана массалык маалымат аркылуу ар кандай жаңылыктарды элге улам жарыялап коюп жатышат. А бирок конкреттүү иштерди биз көрбөй жатабыз.Ошон үчүн менин пикиримде милиция кызматкерлери жоголуп кеткен балдарды издеп жатабыз деп коюшат. Бирок анын натыйжасы кандай болот, бул өзүнчө бир чоң суроону жаратат.

Ички иштер министри Дмитрий Феодорвдун маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 8 айында дайынсыз жоголуп кетүү боюнча өлкө жарандарынан 1 миң 462 арыз келип түшкөн. Алардын үч жүзү бир суткада табылып, калгандарын издөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Капар Батырканов депутат Руслан Шабатоев менен Бактияр Амражановдун дайынсыз жоголушуна байланыштуу тартип коргоо органдарындагы мыкты адистер бардык күч аракеттерин жумшап жатышканын айтты.

- Азыр тергөөнүн жашыруундугуна ылайык бардыгын толук ачыкка чыгара албайбыз. Азыр бул эки иш боюнча кылмыш иши козголуп, иш аракеттер көрүлүүдө. Азыр атайын топтор түзүлүп, алты-жети багыт боюнча иштер жүрүп жатат.

Капар Батырканов мурдагы буйрутма адам өлтүрүү боюнча козголгон жыйырмадай кылмыш иши ачыла электигин, алардын төртөө боюнча издөө жүрүп, калгандары боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ал эми Коомдук парламенттин мүчөсү Жолдош Орозов болсо депутат Шаботоев менен депутат Жээнбековдун уулу Бактиярдын белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кетишине коомчулук, бийлик кайдыгер карабашы керек деген көз карашта.

- Бул жерде буюм же мүлк уурдалган жок. Болгондо дагы бири парламенттин депутаты, бири депутаттын уулу урдалып кетип жатпайбы. Буга эмне үчүн президенттин администрациясы үн кошуп тынчсызданганын билдирбейт? Эмне үчүн Чудинов баштаган өкмөт мүчөлөрү үн катпайт? Эмне үчүн элдикбиз деген “Ак жол” партиясы өз пикирлерин билдирип чыгышпайт? Бул жерде мындай маселеге бийлик жоопкерчиликсиз мамиле жасабашы керек. Бизди тынчсыздандырган маселе ушул болуп жатпайбы. Калган карапайым калктын коопсуздугун, алардын укугун ким коргойт?

Ички иштер министринин орун басары Дмитрий Федоровдун маалыматы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбеков 26-сентябрда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы уулу Бактияр Амражановдун дайынсыз жок болгондугу тууралуу арыз жолдогон. Анда уулу Бактияр 24-сентябрда эртең менен саат 7:30 үйүнөн ачык түстөгү “Лексус RX-300” үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгып, уулун 4-кичи райондо жайгашкан бала бакчага жеткирип барып, кайра үйүнө кайтып келбегени көрсөтүлгөн. Ошол эле күнү бул боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ИИБ жетекчисинин көрсөтмөсү менен 26-сентябрда ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, иш аракеттерди көрө баштаган. Министрдин орун басарынын маалыматына караганда Бактияр Амражановду жана анын автоунаасын тоолуу аймактардан, капчыгай, кашарлардан бери издеп, Бишкектеги 90 автоунаа токтоочу жай, 23 гараж, 30 бак-шактуу жайлар текшерилген. Ачык түстөгү “Лексус RX-300” үлгүсүндөгү 180 автоунаа текшерүүдөн өткөн. Токой чарбасынын мергенчилери, Беш-Күңгөй, Тогуз-Булак, Нооруз, Сары-Жыгач, Чоң-Арык, Чоң-Таш, Таш-Дөбө айылдарынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынан депутат, 34 жаштагы Руслан Шабатоевдин жубайы Айдай Осмоналиева Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жолдогон. Арызда жолдошу Руслан Шаботоевдин 30-сентябрда кечинде үйүнөн “Тойота-Лендрузер” үлгүсүндөгү В 66-15 Q мамлекеттик номурлуу автоунаасы менен чыгып кетип үйүнө кайрылып келбегени көрсөтүлгөн. Бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, Р.Шаботоев 30.09.2008. жоро-жолдоштору менен “Люксо” кафесинде тамактанып, “Майкл” кафесине кеткендиги маалым болгон. Бир аз убакыттан кийин кафенин тейлөөчүсү келип, кимиңер “Рус” деп сураган. Ал “сыртта сизди күтүп турушат” деген. Шабатоев эшикке чыгып ошол боюнча кайрылып келген эмес. Анын кимдер менен, кайсы багытка кеткени белгисиз.

Шабатоевдин автоунаасы “Майкл” кафесинин жанынан табылган. Ичин текшергенде эч кандай шектүү из табылган эмес. 3-октябрда кылмыш иши козголуп, Бишкек ИИБ буйругу менен ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте илктөө жүргүзүү боюнча иш-план түзүлгөн. Шабатоевди издөө боюнча облустардын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарына, коопсуздук кызматтарына кошумча иликтеп-издөө планы жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG