Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Грузиянын жикчил Түштүк Осетия аймагындагы август айындагы согуштук жаңжалдын чыгышына эки айдын жүзү болду. Ошол коогалаңдуу күндөрү үй-жайын таштай качкандардын айрымдары кайра өз журтуна акырындап кайтып келе баштады. Бирок орусиялык жоокерлер Грузиянын аймагындагы өздөрү “өткөөл тилке” деп жарыялап алган аймактардан чыгууга шашпагандыктан, теги грузин миңдеген тургундар мурдагы жылуу үй-жайына кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп кала берүүдө. Азыркы түшүм жыйноо кезеңи маалында жана кыштын ирегеге жакындашы менен бул аргасыз бозгундардын өз үй, өлөң төшөгүнө кайтууга эки көзү төрт болуп турган учур.

Нона Сухиташвили (Nona Sukhitashvili) күнүнүн көпчүлүк убактысын кийим-кеченин ичине оролгон ымыркайынын саламаттыгы үчүн тынчсыздануу менен өткөрөт.

Нона айым Түштүк Осетиядагы согуштук жаңжалдан улам өз үйүнөн качып чыгып, эми Гори шаарынын жанындагы качкындар лагеринде баш пааналоодо. Ал качкындар үчүн тигилген чатырда үч айлык ымыркайы менен эптеп жашап жатканын “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Абдан суук болуп турат. Мен баламды жылуулаш үчүн тон, жууркан-төшөктү жана башка эмне тапсам, ошону дагы ороп, кымтылап жатам. Бул – ымыркай үчүн жакшы жай эмес.

Нона айым 7-8-август күндөрү Орусия менен Грузиянын ортосунда согуштук жаңжал башталганда, Түштүк Осетия менен чектешкен Каралети кыштагынан качып кеткенин “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Грузин кызматына билдирди.

Качкындар үчүн лагерлерде баш калкалагандар үйүнө кайтууну абдан самашууда:

- Абдан ичиркенткен суук болуп турат. Алар бизди үйүбүзгө кайтарышы керек эле, же жакшырак шарттарды түзүп бериши зарыл болчу. Жууркан-төшөктөрү абдан жука, жамгыр болсо тынбай төгүп жатат, суу болсо биздин мойнубузга чейин өтүүдө. Балдар үшүп жатат, биз дагы. Карагылачы, биздин кийимибизди. Бизде жарыткан кийим-кече дагы жок.

- Эч кандай жылуулук жок, чатырларда жашоо мүмкүн эмес. Жерден сыз өтөт. Шарттар абдан начар. Бизде электр жылыткычтар дагы жок, бул жактагылар балдарын жуундура алышпай дагы калды. Себеби аларды муздак сууга кантип жуундурууга болсун! Бул жерде башкы көйгөйүм эле – тазалык, гигиена маселеси, - деп арызданышат качкын аялдар.

Августтагы Орусия менен Грузиянын ортосундагы согуштук жаңжалдан улам жүздөгөн адамдар набыт болуп, 150 миңден ашуун киши үй-жайын таштап качууга мажбур болгон.

Бул кагылышуулардан улам башка жактардан убактылуу баш паана тапкан түштүк осетиялыктардын бир даары үйлөрүнө кайтып келе башташты.

Эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюмунун Орусиядагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Татьяна Локшина буларды айтат:

- Айрымдар дагы эле тууган-уругунда баш калкалоого мажбур, бирок качкындардын көбү үйлөрүнө кайтышты. Түштүк Осетияда жашоо өз нугуна түшө баштады – аймакты кайра калыбына келтирүү иштери өтө тездик менен жүрүп жатат, суу жана электр жарыгы бар. Андыктан ал жакта жашоого болот.

Евробиримдиктир арачылыгы менен түзүлгөн ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууга ылайык, орусиялык жоокерлер Түштүк Осетия менен Абхазиянын чегинен сырткаркы “өткөөл тилке” деп Кремл атаган аймактардан ушул жума күнү (10-октябрда) толук чыгарылаары күтүлүүдө.

Эгерде алар Грузиянын ичкерки аймактарынан толугу менен чыгып кетсе, анда миңдеген бозгун грузиндер кыш башталганга чейин өз үй-жайларына кайтып, анча-мынча калган түшүмдөрүн жыйнап алууну көздөшүүдө.

Татьяна Локшинанын айткандарын уксак:

- Эгерде жакынкы келечекте бул тилкеде коопсуздук кырдаалы калыбына келтирилип, туруктуу полиция көзөмөлү орнотулса, анда качкындар мындагы үй-жайларына дароо кайтаар эле. Бул жараян чукул арада жүрүшү керек, себеби түшүм жыйноо мезгили башталып калды. Эгерде алар түшүмүн жыйнай албай калса, анда Грузиядагы азыркы гуманитардык кризис ого бетер курчушу ыктымал.

Бирок көпчүлүк качкындарды согуштук жаңжал учурунда ойрон болгон, өрттөлгөн, жарым-жартылай бузулган же таптакыр тонолгон үйлөр гана күтүүдө. Грузиянын бийлиги бул көйгөйдү жакшы билет. 6-октябрда сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кайтып келген качкындарга эки ай ичинде турак-жай берүүгө убада кылды.

Анын аралыгында гуманитардык топтор бузулган үйлөрдү жамап-жаскоо үчүн курулуш материалдары менен жардам беришүүдө. Бирок мындай чаралар Түштүк Осетиядагы грузиндер турган кыштактар үчүн таптакыр кечигип калды, анткени кыска мөөнөттүк согуштан кийинки апталарда нечендеген түштүк осетиялык грузиндердин үйлөрү жер менен жексен кылынган.

Хьюман Райтс Уотч уюмунун Орусиядагы өкүлү Татьяна Локшинанын “Азаттыкка” маалымдашынча, көпчүлүк кыштактарда качкын грузиндердин үйлөрү куралданган түштүк осетиндердин топтору тарабынан кайра калыбына келтирилгис болуп атайылап өрттөлүп жатканын ал айым өз көзү менен көргөн.
XS
SM
MD
LG