Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:43

ИЙГИЛИКТҮҮ ИСЛАНДИЯ БАНКРОТ БОЛУУ КОРКУНУЧУНА КЕПТЕЛДИ


Исландиянын өкмөтү глобалдык каржылык кризистин шартында өлкөнүн чет элдик валюта корун чыңдоо жана улуттук акчасынын курсун кармоо үчүн Орусиядан төрт миллиард евро насыя алууну көздөөдө. Кредиттин шарттары ушул күндөрү талкууланат, тараптар азырынча соңку макулдашууга жетише элек. Эгер каржылык көйгөйлөрү чечилбесе, Европанын эң кичинекей жана бай мамлекети банкротко кабылышы мүмкүн экенин өлкөнүн премьер- министри ушул аптанын башында эскерткен эле.

Антлантиканын түндүгүндө жайгашкан, бар болгону 300 миң калкы бар Исландия соңку жылдары дүйнөнүн эң бай он өлкөсүнүн бири деп эсептелчи. Ички экономикасы деңиз продуктулары менен алюминий экспортуна негизделгенине карабай, каржылык борборго айланууга да жетишкен. Мындан улам Исландияга миллиондогон долларлар агылып, топтолгон акчаны өлкөнүн банктары менен компаниялары агрессивдүү түрдө башка мамлекеттердин экономикасына инвестициялаган болчу.

Бирок бүгүн глобалдык банк кризисинин шартында бул кичинекей өлкөнүн бакубатчылыгы, өкмөт моюндагандай, коркунуч алдында турат.

Кечээ өкмөт кыйроодон сактоо үчүн өлкөнүн экинчи ири банкы-Landsbankiге көзөмөл орнотту. Ушул эле жүйөөдөн улам өткөн аптада өкмөт өлкөнүн үчүнчү ири банкы – Glitnerдин 75% акциясын сатып алган эле.

Экономисттердин айтымында, Орусиядан күтүлүп жаткан төрт миллиард евролук насыя чайпалып турган экономиканы стабилдештирүү үчүн өкмөт бир нече булактан алууга муктаж акчанын бир эле бөлүгү болушу мүмкүн.

Исландия университетинин профессору Ж. Магнуссон (G.Magnusson) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна буларды айтты:

-Алар негизинен мүмкүн болгон булактардын баарын караштырышууда. Орусиянын чет элдик валюта резерви чоң, ушундан улам анын кредитор болушу жөндүү. Мунун түшүндүрмөсү, менимче, ушундай эле жөнөкөй.

Сүйлөшүүлөр натыйжалуу аяктаса, Орусиядан алынуучу насыя Исландиянын чет элдик валюта корун чыңдоо, улуттук акча - кронанын кургуйга кулоосун токтотуу үчүн колдонулат.

Исландиянын улуттук акчасынын еврого карата курсу былтыр июлдан бери эле 46%га арзандап кетти. Өкмөт кечээ улуттук акчанын курсун эми жасалма түрдө кармарын жарыялады.

Мунун алдында өлкөнүн премьер-министри Гейр Хорде (Geir Horde) калкка жасаган телекайрылуусунда өлкө банкрот болуусунун реалдуу коркунучу бар экенин эскерткен эле. Рейкьявиктеги кечээги пресс-конференцияда ал буларды билдирди:

-Биздин жасап жаткан нерсебиз банктарды сактоо, ички банк системасын сактоо жана алар талаптагыдай иштеп жатканына ынануу. Бул - чыгым эмес, пайда.

Айткандай эле экономисттердин пикиринде, кокус өлкөнүн банктары жапырт кыйраса, Исландиянын өкмөтүндө алардын карыздарына кепилдик бергидей жол жок. Бул - инвесторлорду коркуткан маселе.

Исландия глобалдык экономикадагы чакчелекейге оңой эле түшүп калуусундагы негизги өзгөчөлүгү - дал ушул банк секторунун өтө эле чоң экендиги. Профессор Ж. Магнуссондун айтымында, дүйнөнүн башка бурчтарындай эле Исландиянын банктары да акчанын жетишсиздигенинен жана активдеринин куну кеткенинен улам чайпалууда.

Буга кошумча Исландиянын банктарындагы акчанын көбү чет элдик валютада эле. Андыктан, профессор Ж. Магнуссон "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, ушул жагдай, борбордук банктын аларга колдоо көргөзүүсүн кыйындатууда.

Чет элдик валютанын Исландиянын банктарына агылып келүүсүнүн бир жүйөөсү – ал аманат акчалар үчүн үстөк пайызды дүйнөдө эң жогору койгон өлкө экендигинде болчу. Мындан улам, маселен, үстөк пайызды эң аз койгон өлкө - Жапониянын тургундары акчасын мекенинде эмес, Исландияда айландырууга кызыгышчы.

Ушул факторлор: тырнактай өлкөнүн эбейгесиз банк системасы, четке тобокели чоң инвестиция жасоо жана чет элдик валютаны азгыруу - Исландиянын бир кездеги ийгилигинин сыйкырдуу формуласы болгон өңдөнөт.

Эми ал кокус кырдаалдан чыгуунун жолун таба албай калса, Европадан глобалдык экономикалык төмөндөөнүн, аны улуттук масштабда сезген биринчи курмандыгы болчудай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG