Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

И.ИCАКОВ: “ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАН” ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮ КУРАП, ЖООПКЕРЧИЛИКТИ АЛУУГА ДАЯР


“Жаңы Кыргызстан” партиясы 7-октябрда жыйын куруп, анда бийликти кескин сынга алып чыкты. Кырдаал тез арада оңолбосо өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылып, жалпы өлкөдө саясий акцияларды өткөрөрүн жарыялады. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери, Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков таңкы маекте партиянын чечимдери тууралуу айтып берди.

-“Азаттык”: Исмаил Исакович, сиз жетектеген “Жаңы Кыргызстан” партиясы 7-октябрда жыйын куруп, үч маселе карады. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо, өлкөдөгү кырдаал, саясий кеңештин мүчөлөрүн шайлоо жана чечим кабыл алуу. Ушул чечимдерге токтолсоңуз?

Исмаил Исаков:- Абдан туура. “Жаңы Кыргызстан” партиясы ошондой жыйын куруп, оорлоп бараткан саясий кырдаалды талкуулады. Буга чейи “Жаңы Кыргызстан” партиясы “Ак жол” партиясын толугу менен колдоп, парламенттик шайлоодо, өкмөттү курууда аларга биз толук мүмкүнчүлүк бергенбиз. Бирок алар берилген мүмкүнчүлүктү пайдалана албай, кээ бир тармактарда абал кескин начарлап, элдин турмушу оорлоп баратканына байланыштуу көйгөй маселелерди карадык.

“Азаттык”: - Энергетика, азык-түлүк, коррупция багытында маселе козгоп, бул тармактарда абал жакшырбаса саясий акция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн айтыпсыздар. Бул “Жаңы Кыргызстан” партиясынын бийликке карай, “Ак жол” партиясына карай оппозицияга өтө башташыбы?

Исмаил Исаков: - Оппозиция болойлу деген ой жок. Биз өзүбүздүн позициябызды так айтууну чечтик. Себеби парламентти, өкмөттү толугу менен “Ак жолдун” көзөмөлүнө бергенден кийин бүгүн биз алардан сурап алууга толук акыбыз бар. Биз ушул күнгө чейин аларды колдоп келдик. Бирок элдин турмушу начарлаганга байланыштуу бир топ акцияларды өткөрүүнү чечтик. Ал кандай акциялар? Кээ бирөөлөр акция десе эле президенттин кызматтан кетүүсүн ойлошот. Жок андай ой бизде болбойт. Бул маселе конституциянын жолу менен кетиш керек. Биздин биринчи акция өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылуу болот, эгерде абал тез арада жакшырбаса. Экинчи, ушул деңгээлге алып келген өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн жоопко тартуу талабын коебуз. Себеп дегенде энергетика тармагында бүгүнкү күндө жоготуу 2 милилард киловатт саатка жетип жатат. Аны 50% кыскартканга министрликтердин, өкмөттүн алы жетпей жатат. Бул өтө чоң кемчилик. Ага жооп берилиш керек. Үчүнчү, эгерде бул өкмөт иштей албаса, биздин “Жаңы Кыргызстан” партиясы жаңы өкмөттү курууга, жоопкерчиликти алууга даяр. Биз министрлерге кеңири укуктарды берүүнү, агенттиктерди кыскартууну жактайбыз.

“Азаттык”: - Демек сиздер Кыргызстандын бийлик системасы өзгөртүлүш керек деген пикирде экенсиздер. Ал система кандай болуш керек?

Исмаил Исаков: - Албетте, азыркы системаны өзгөртүп, алдыга кадам жасашыбыз керек. Мына бул система менен элдин турмушун оңдой албаарыбыз айкындалып калды. Себеп дегенде өкмөттүн аппараты менен президенттин администрациясы бири-бири менен карама-каршы болуп, бири-бирин кайталап жатышат. Бул ишке тоскоолдук кылууда. Мындай шартта бир киши бардык жоопкерчиликти өзүнө алыш керек.

“Азаттык”: - 5-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо кандай кемчиликтерди байкадыңыздар?

Исмаил Исаков: - Бул шайлоодо биз колдоп келген “Ак жол” партиясынын эл арасында аброю кеткендиктен өздөрүнүн атынан чыга албай, бирден чыгарып, дагы эле бийлик күчү менен түрткүлөп жатып, көп кемчиликтерди жаратышты. Кээ бир талапкерлерди тизмеге киргизбей коюшту.

Добуштарды саноодо бюллетендерди башка фамилияга кошуу жана башка кемчиликтер болду. Мына ушуга байланыштуу абдан көп нааразычылыктар туудуруп, жакында сот жараяндары башталат.

“Азаттык”: -“Жаңы Кыргызстан” партиясы да сотко кайрылабы?

Исмаил Исаков: - Биздин партиянын мүчөлөрү да сотко кайрылат. Мына Талас облусунда материалдарын даярдап, сотко берип жатышат.

Маектешкен:Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG