Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

РОССИЯДАГЫ КАРЖЫЛЫК КАПСАЛАҢДЫ БАСУУГА БИР ТРИЛЛИОН РУБЛЬ ЖЕТЕБИ?


Амирбек Усманов, Прага Дүйнөнү каптап бараткан финансылык кризистен россиялык банктарды коргоо үчүн президент Дмитрий Медведев 1 триллион рублга жакын же 36 миллиард доллардай акча бөлдү. Мындай чечим шейшемби күнү Кремлде өткөн кезексиз жыйында кабыл алынды. Кремлдин чукул чарага баруусуна жергиликтүү компаниялардын баалуу кагаздарынын арзандоосунан улам Россиянын фондулук биржасында кырдаалдын осолдошу да өбөлгө болду.

Дүйнөлүк финансылык кризистин эпкини жана эларалык базарда мунайдын арзандашы россиялык ири компаниялардын баалуу кагаздарын кармоочуларды дүрбөлөңгө салып, акцияларды жапырт сатууга түрттү. Анын кесепетинен дүйшөмбү күнү Россиянын товардык-сырьелук биржасы(РТСБ) жана Москванын банктар аралык валюта биржасында(ММВБ) баалуу кагаздардын баасы 19 процентке чейин арзандап, өкмөт сооданы токтотууга аргасыз болду.

Айрыкча, «Северсталь» бирикмеси, Норилскидеги никель комбинаты жана «Роснефть» компаниясы чоң зыян тартты. Мындай абалдан улам эртеси шейшемби күнү да эки биржадагы соода демейдегиден эки жарым саат кеч башталды. Натыйжада, биржалардагы сооданын көлөмү 2008-жылдын 19-майында жетишилген тарыхый чектен 65 процентке төмөндөп кетти. Бул жагдайга байланыштуу Финансылык рыноктор боюнча федералдык агенттик акциялар менен соода кылуунун тартибин өзгөрттү. Эми биржадагы сооданы токтотуу үчүн баалуу кагаздардын жалпы наркынын 5 процентке арзандашы жетиштүү. Мурда бул көрсөткүч 10 процентке барабар эле.

Президент Медведев шейшемби күнү Кремлде шашылыш жыйын өткөрүп, россиялык банктарды колдоо үчүн мамлекеттик кордон 950 миллиард рубль бөлдүрдү. Бул акча, Медведев жарыялаганга караганда, биринчи кезекте ири ишканаларга кредит берүүгө пайдаланылат:

-Силер менен жетишилген макулдашууга ылайык, бардык акча мындайча бөлүнөт: Сбербанк- 500 миллиард рубль, Внешторгбанк-200 миллиард рубль, Россельхозбанк-25 миллиард рубль, калган банктар 225 миллиард рубль алат.

Ансыз да үч жума мурда эле орус өкмөтү каржы мекемелерин жана банк системасындагы акча тартыштыгын жабуу үчүн 120 миллиард доллар жардам бөлгөн болчу.

Акциялардын арзандашы, баалуу кагаздарды шашылыш сатуу Россиянын мунай-газ тармагындагы килейген оюнчуларды оор абалга койду. Ошондон улам «Лукойл», «Роснефть», ТНК-БР жана «Газпром» тышкы карыздарын жабуу үчүн өкмөттөн карыз сурашты. Кремль шашылыш бөлгөн 1 триллион рублга жакын акча алардын талабын канчалык канааттандырат, аны убакыт көрсөтөт.

Президент Медведевдин пикиринче: «Дүйнөлүк каржы системасындагы кризис чогуу аракеттенүүнү талап кылат. Жаңыча чечим кабыл алчу мезгилдин келгени анык».

Ал кризисти жөндөө боюнча өз планын Европа лидерлери менен илимпоздорунун Франциянын Эвиан шаарында өтчү жыйынында ортого салат сыяктуу.

XS
SM
MD
LG