Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

ОППОЗИЦИЯЧЫЛ ТАЖИК САЯСАТЧЫСЫ МОСКВАДАН ПАРИЖГЕ КАЧТЫ


Амирбек Усманов, Прага Белгилүү тажик журналисти жана саясатчысы Дадажон Атавуллоев Москвадан Францияга чыгып кетти. Оппозициядагы «Ватандор» кыймылынын төрагасы Россия аны Тажикстанга өткөрүп берет деген кооптонуудан улам ушундай кадамга барган. 22-сентябрда Тажикстандын башкы прокурорлугу Атавуллоевди президент Эмомали Рахмондун абийрине сөз тийгизди, элди өкмөттү төңкөрүүгө чакырууда деп күнөөлөп, аны камакка алынсын деп буйругун.

Акыркы жылдары Москвада жашап жүргөн саясатчы-журналисти Тажик бийликтери өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө элди үндөөдө жана президент Эмомали Рахмонду шылдыңдады деп, 22-сентябрда ага каршы кылмыш ишин ачкан.

Дадажан Атавуллоевдин айтымында, ал Тажик бийликтери Россиядан өткөрүп берүүнү талап кылары жөнүндө кабар уккан соң Москвадан ыкчам чыгып кетүүнү оң тапты.

Атавуллоевге 2001-жылы Германия саясый башпаанек берген же анда Германиянын жарым букаралыгы бар. Бул жагдай жана германиялык тележурналисттер тобу коштоп жүргөнү анын учакка чыр-чатаксыз өтүүсүнө өбөлгө болду окшойт, деп боолгойт “Euroasia View”басылмасы

Атавуллоевде Парижде франциялык саясатчылар, дипломаттар, кабарчылар жана бейөкмөттүк уюмдар менен кездешип, Тажикстандагы кырдаалды талкуулайм деген планы бар. Андан соң кырдаалды байкап Москвага кайта турганын айтты ал «Азаттык» радиосуна:

-Мен Москвага кайтып келем. Себеби, Москва тажик окурмандардын саны жагынан Тажикстандан кийинки экинчи орунда турат. Себеби, Москвада «Ватандор» кыймылынын көп сандаган тарапкерлери жашайт. Бир аз убакыттан кийин Москвага кайтып келем.

Россияда түрдүү кесиптеги жүз миңдеген тажик мигранттары иштейт. Алар «Чароги руздун» негизги окурмандары жана «Ватандар» кыймылынын колдоочулары. Ушундан улам, Атавуллоевдин айтышынча, Тажик бийликтери анын Россияда турганын жактырышпайт.

Дүйшөмбүлүк журналист Ражаб Мирзо Атавуллоевдин Парижге качуусун ырасмий Москванын түшүнүксүз позициясы жана башка бир тажик оппозиционерине саясый башпаанек бербей койгону түрткү болду дейт:

-Москванын позициясы түшүнүксүз. Тажикстан Демократтык партиясынын төрагасы Махмудрузи Искандаров Москвадан саясый башпаанек сурап, шагы сынганына күбө болгонбуз. Искандаров Москва менен бир көзкарашта экенин какшап айтып жүргөнүнө карабастан, Россия аны Тажикстанга өткөрүп берген. Ошон үчүн Атавуллоев Москвадан чыгып кетүүнү туура көрдү.

Атавуллоевдин билдиришинче, 2007-жылы президент Рахмондун администрациясы ири сумманы, болбосо минтсрлик орунду сунуш кылып, саясый жана журналисттик ишмердигин токтотууга чакырган. Сунуш четке кагылгандан кийин, саясатчыга каршы кылмыш иши кайрадан ачылган.

XS
SM
MD
LG