Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

12:03 Ө. Текебаев: “Жаңы Кыргызстандын” каяшасы – жаңы саясий доордун башталышы


Оппозициялык “Ата мекен” партиясынын лидери мындай пикирин “Жаңы Кыргызстан” партиясынын билдирүүсүнө байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Саясатчы мындай билдирүүнүн чыгышын президент Курманбек Бакиевдин командасынын ыдырап кеткендигинин ачыкка чыгышынын белгиси деп эсептейт. Текебаевдин пикиринде, экинчиден, Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда “Жаңы Кыргызстан” бийликтен обочо турган, өз көз карашы бар партия катары саналып келет. Үчүнчүдөн бул партия 2005-жылкы март ыңкылабынын негизги демилгечилеринин бири. Ошондуктан, бул партиянын билдирүүсү таасирдүү болот жана Кыргызстанда үй-бүлөлүк, көмүскө башкаруусуз жаңы саясий доордун башталышына өбөлгө болот дейт саясатчы.
Кечээ “Жаңы Кыргызстан” партиясы Жергиликтүү кеңештерге шайлоону сынга алган билдирүү менен чыккан. “Азаттыктын”түз обосунда партия лидерлеринин бири, Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков партия элдин турмушу начарлап кеткендигине байланыштуу өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган акцияларды уюштурууну чечкенин билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG