Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

12:35 “Жоомарт” кыймылы АКШ базасынын Кыргызстандан чыгышын каалайт


Бүгүн “АКИпресс” агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев менен “Акыл эс, рух, ыйман” коомунун лидери Дүйшөн ажы Абдылдаев “Манас” аба майданынын жанында жайгашып турган америкалык аба-аскерий базаны чыгарууну бийликтен талап кылышты. Өз талабын алар эгемендикке шек келтирүүдө, экологияны зыянга учуратууда, адам укугун бузууда деп негиздешти. Кыргызстандын расмий бийлиги болсо базаны чыгаруу Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруудан көз каранды деп билдирип келатышат. Америкалык аскер базасын Антитеррордук коалициянын алкагында Кыргызстанга жайгашытруу боюнча алгачкы макулдашуу2001-жылдын декабрында ишке ашкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG