Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

13:05 Саясий окуяларга байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет


ИИМдин маалыматына караганда, чектөөлөр 9-12-октябрь аралыгында Бишкек- “Манас” аэропорту, Фучик-Совет, Манас- Тынчтык көчөлөрүнө киргизилип жатат. Мындан тышкары тыштан келген автоунаалардын Бишкекке кирүүсү да чектелет. Мындай чечимди ИИМ 9-12-октябрь аралыгында өтө турган саясий иш чаралар менен байланыштуу кабыл алды. Бул күндөрү Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын саммити, ЕврАзЭж жыйыны, Орусия президенти Дмитрий Медведев менен Беларусь президенти Александр Лукашенканын расмий сапары күтүлүүдө. ИИМдин жооптуу кызматкери мурдараак Бишкектин көчөлөрүндө күнүнө 140 миңге жакын автоунаа жүрөрүн болжогон. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG