Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

15:53 Нура айылы үчүн 130 көчмө турак үй курулууда


Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында айтты. Министрдин айтымында, 1, 2, 3 бөлмөлүү бул көчмө турак үйлөр ноябрь айына чейин курулуп бүтүп, жеткирилип, орнотулуп, жергиликтүү эл киргизилет. Ал эми жаздан баштап министрлик Нурада зилзалага туруштук бере турган туруктуу үйлөрдү курууга киришет. Мындай чечимге министрлик адистердин кеңешине таянып келген.Буга чейин жергиликтүү бийлик айылдын калкын башка аймактарга көчүрүү маселесин көтөрүп жаткан.
5-октябрдын түнүндө болгон зилзаладан Алай районунун Нура айылы толук талкаланып, анда 75 адам мерт болду. 140тан ашык адам жаракат алды. Жер титиреген айылда азыр 250дөй адам чатырларда жашап жатышат. Калгандары Гүлчөдөгү, Оштогу туугандарын карамалап кетишкен. Жалпысынан Нурада жашаган элдин саны 900дөн ашык экендиги тууралуу мурда кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG