Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

НУРА АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНДАРЫН ЖЫЛУУ ЖАЙЛАРГА КӨЧҮРҮҮ ЗАРЫЛ


5-октябрдагы зилзаладан таптакыр кыйраган Нура айылынын карыялары, аялдар жана жаш балдар жылуу жайларга көчүрүлөт. Бул туурасында Ош облус губернатору Аалы Карашев бүгүн жарыялады. Ошол эле мезгилде чатырларда жашаган айрым жабырлануучулар сөөктөн өткөн суукка чыдабай калышкандыгына даттанышса, өзгөчө кырдаал министри Камчыбек Ташиев мындай пикирлерди четке кагып, шарт канааттандыраарлык экендигин, бирок калкты кышы бою чатырларда жашатууга мүмкүн эместигин айкындады.

Анара аттуу келин чиедей балдарын суук шамалдан корголоп, төшөк менен ороп олтурганда үстүнөн чыктык.

- Кичине тамак берди, бирок үйдөгүдөй болбойт экен. Жаш балдырыбыз ыйлап кыйналдык, эптеп кысылып түнү менен бир жерге жаттык. Тоңгонубузду айтпаңыз, - деген Анара түндөсү тоңуп калуудан чочулап, коңшу чатырдагылар чогулуп жатып таң атырышкандыгын ушундайча эске салды.

Өзү калчылдап араң сүйлөгөн Үмүт ини-карындаштарына кошулуп эртерээк жылуу жактарга көчүрүшсө дегенде эки көзү төрт:

- Коркуп аттык эле, кар жаап ийсе кантебиз деп. Ушул жерде калсак үшүйбүз деп атышат. Алып кетсе экен деп атабыз.

Беш баласын ээрчитип ай-талаада калган Топчугүл чатырлар шаарчасын эми тапкан маалында жолуктурдук. Ал бул жерде деле көпкө жашай албастыгын айтып, андан көрө мамлекет туруктуу башпанее куруп берүүсүн, ага дейре убактылуу жатакана менен камсыз кылууусун өтүндү:

- Кайда барышыбызды деле билбей калдык. Бул кырсык каш кабактын ортосунда, кандай болуп кеткенин өзүбүз деле сезбей калдык. Кечээ бажыканада жаттык эле, бүгүн чатыр тигилип атат дегенинен келдик. Үйүбүз көчүп түшүп калды. Мына азыр беш бала менен калдым, - ушинткен Топчугул айым бош чатыр издеген бойдон көрүнбөй калды.

Чатырларда жашаган айрым жабырлануучулардын айткандарын өзгөчө кырдаал министри Камчыбек Ташиев четке кагып, шарт канааттандыраарлык экендигин, бирок калкты кышы бою чатырларда жашатууга мүмкүн эместигин айкындады:

- Бул жылытылган түрдөгү чатырлар. Бул жерден эң башкысы суу, шамал өтпөйт. Албетте бул чатырлардын ичинде кышы менен жашоого мүмкүнчүлүк жок. Бул жерде убактылуу гана мезгилде адамдарды сактап калууга мүмкүн.

Ал эми Ош облусунун губернатору Аалы Карашев 5-октябрдагы зилзаладан таптакыр кыйраган Нура айылынын карыялары, аялдар жана жаш балдар жылуу жайларга көчүрүлөөрүн “Азаттыкка” берген маегинде билдирди:

- Өзгөчө жаш балдарды, аялдарды, кары-картаңдарды жайгаштыруу үчүн Алай районунун борборундагы лицейдин жатаканасын даярдадык, ошол жерге көчүрүп барабыз. Мектеп интернаттыкы да бар, Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы кесипчилик окуу жайдын дагы жатаканасын даярдадык. Ал жака да көчүрүп барып, убактылуу ошол жерге кармайбыз. Ошол жерден азык-түлүгү менен камсыз кылып, балдарды болсо жергиликтүү мектептерге берели деп жатабыз. Мунун үстүндө азыр иштеп жатабыз.

XS
SM
MD
LG