Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

НАТОнун жогорку аскер башчылары союздаштардан Балтия өлкөлөрүн коргоонун чукул планын иштеп чыгууну суранышты. Айрым талдоочулар болсо Орусиянын Грузияга кол салышынан бир ай өтө электеги мындай кадам НАТОнун өз ичинен ыркын кетириши мүмкүндүгүн айтышууда.

НАТОго мүчө-мамлекеттердин бардыгы үчүн аларды коргоонун чукул планы иштелип чыккан. Бирок 2004тө кабыл алынган Эстония, Латвия, Литва үчүн мындай план жок. Ал кезде НАТО Ооганстан жана терроризм менен күрөштөн колу бошобой, анын үстүнө Орусияга стратегиялык шериктей мамиле кылган. Бирок Грузиядагы соңку окуялар НАТОнун Орусия менен алакасын кыйла өзгөрттү. Мына ушуну эске алуу менен НАТОнун баш командачысы генерал Жеймс Краддок союздаштарга зарыл пландарды даярдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Бирок мындай пландоо жеңил болбойт, азыртадан эле Германия менен Франция Краддоктун сунушун бейрасмий четке каккандыгы маалым болду.

Мындай пландоо жашыруун маселелердин катарына кирет. НАТОнун маалымат катчысы Жеймс Аппартурак “Азаттыкка” ушуну айтып, ошондой эле НАТОнун хартиясында ансыз деле мүчө-мамлекеттердин бирине кол салуу болсо, башкалары бүт аны коргоого милдеттүү экендигин эскертти:

- НАТОнун 59 жылдан бери ийне-жибине чейин иштелип чыккан ийкемдүү системасы бар экенин гана айта алам. НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде жана башка жактарда жүздөгөн пландоочулар НАТОну ар кандай шартта коргоонун зарыл пландарын иштеп чыгуу менен алектенишет.

Балтия өлкөлөрү НАТОго киргенден бери өздөрүн Орусия коркунучунан коргоо боюнча биримдиктин конкреттүү планы жок экендигине нааразылыгын ачык айтып келишет. НАТО жетекчилери өз арасында 26 мүчөнүн ичинен дал ушул үч балтия өлкөсү айрыкча коргоого муктаж экендигин моюнга алышат. Бирок чыгыш европалык жаңы мүчөлөрдүн бардыгын коргоо боюнча кандайдыр бир чукул план бар, бир гана балтиялыктар үчүн эч кандай план түзүлгөн эмес.

Алар үчүн атайын план түзүү сунушун Кошмо Штаттары менен Британия бир добуштан колдоп жатышат. 7-октябрда Брюсселдеги америкалык расмий өкүлдөрдүн бири "мындай планды даярдаш керек" деп айтты. Бирок Франция менен Германия баштаган бир катар континенталдык Европадагы союздаштар мындай кадам Орусия менен түздөн-түз тирешүүгө алып келет деп эсептешет. Мындай кайчы пикирлер НАТОнун өз ичинде ыркын кетириши мүмкүн.

Бир катар баяндамачылар Грузиядагы жаңжалдан кийин Орусия маселесинде АКШ менен анын европалык шериктеринин жолу эки бөлүнүп калгандыгын белгилешүүдө. Айрыкча Германия Москва менен араздашууга жол бере албайт. Берлин бул өлкөдөн келүүчү мунай-газга көз каранды, стратегиялык тең салмактоочу башка факторлор да бир топ.

Ушундан улам 3-октябрда бул өлкөнүн канцлери Ангела Меркел Грузия менен Украинанын НАТОго мүчөлүк аракет планына чукул кошулушуна ачык каршы чыкты. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен Санкт-Петербургдагы бирдиктүү пресс-конференцияда Меркел "бул эки өлкөнүн НАТОго айрымдар талап кылгандай "мүмкүн болушунча тез арада" кошулушу Германиянын кызыкчылыгына каршы келет" деди. НАТОнун тышкы иштер министрлери бул маселени декабрда карашмакчы.

Балтия өлкөлөрү анын аралыгында, Орусиядан жалтактоо алардын коопсуздугуна жана НАТО өлкөлөрүнүн бир-бирине жардамга келүү милдеттенмесине шек келтирип жаткандыгын айтышууда.
XS
SM
MD
LG