Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

07:10 Бүгүн орус президенти Д. Медведевдин Кыргызстанга алгачкы расмий сапары башталат


Президенттин басма-сөз кызматынан кабарлашкандай, сапар учурунда кыргыз жана орус президенттери Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев эки тараптуу соода-экономикалык , маданий –гуманитардык кызматташуу, ошондой эле аймактык жана эл аралык маанидеги бир катар маселелерди талкуулашат. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасашат. Мындан тышкары эки мамлекеттин бажы кызматтарынын ортосунда товарларды жүгүртүү жөнүндө маалымат алмашуу боюнча Протоколго кол коюлаары күтүлүүдө. Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин Медведев 10-октябрда КМШ саммитине жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Бишкекте өтө турган жыйынына катышат. Д.Медведев Бишкекке бүгүн таңга маал келди.(MSu)

XS
SM
MD
LG