Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

08:35 БШК: Бир катар коомдук-саясый уюмдардын шайлоо тууралуу билдирүүлөрү ойдон чыгарылган жалган жалаа


Мындай мазмундагы билдирүүнү БШК кечээ таратты. Билдирүүдө айтылгандай, бир катар коомдук ишмерлердин шайлоо тууралуу билдирүүлөрү мамлекеттин кадыр баркын түшүрүп, республикадагы абалды туруксуздаштыруу үчүн атайылап жасалып жатат. БШКнын белгилешинче, жергиликтүү кеңештерге шайлоо ачык жана мыйзамдын чыгинде өттү. Ошондой эле билдирүүдө бүгүнкү күнгө чейин БШК добуш берүү өнөктүгү учурунда орун алган одоно мыйзам бузуулар боюнча бир да арыз түшө электиги айтылат. Белгилей кетчү жагдай, бир нече бей өкмөт уюмдардан турган Жарандык уюмдар кеңеши жергиликтүү кеңештерге шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү, республика боюнча добуштар бурмаланды деп билдирип чыккан.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG