Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

08:45 Т. Үмүталиева: Мамлекет элди убара кылып, чыгым тартпай депутаттардын тизмесин эле жарыялап койсо болмок


Мындай пикирин “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар” ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмүталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 5-октябрда өткөн шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолуп, жергиликтүү кеңешке депутаттардын аттары буга чейин эле белгилүү болгон. Жылдан жылга Кыргызстанда шайлоолор абирийсиз жана мыйзамсыз өтүп жатат, дейт Т. Үмүталиева. Укук коргоочунун пикиринде, Жал жана Университет округдарында шайлоо такыр эле өткөн жок деп эсептесе болот. “Ал жерде көз көрүнө бюлетендер ыргытылып, массалык ташуулар болуп жатты. Ушу күнгө чейин шайлоонун акыркы жыйынтыктары жарыяланбай жатышы да көп нерсени айтып турат“, дейт Т. Үмүталиева.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG