Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

О.МОЛДАЛИЕВ: КЫРГЫЗСТАН ОРУСИЯНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ПАЙДАЛАНА АЛБАЙ ЖАТАТ


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Бүгүн Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстандагы расмий сапары башталды. Ушул сапарды утурлай саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кыргыз-орус мамилелерине байланыштуу суроолорго жооп берди.

-
Орозбек мырза, сиздин оюңузча президент Дмитрий Медведевдин ушул расмий сапары кыргыз-орус мамилесине кандай таасир этет?

- Бул Россиянын үчүнчү президентинин Кыргызстанга алгачкы сапары. Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин президенттикке шайлангандан кийин алгачкы сапарын Кыргызстанга жасаган. Экинчи президент Владимир Путин да эки жолу келип кетти. Бир сапарында бир жактан келатып кайрылып кетти. Экинчисинде ШКУнун саммитинин алкагында келген. Дмитрий Медведевдин сапары да 10-октябрда Бишкекте боло турган КМШ саммитинин алдында болуп жатат. Бул сапардын башка сапарлардан айырмасы азыр Россия жаңы стратегияны баштап, ошону ишке ашырууга аракет жасап жаткан учурга туш келип жатат. Дмитрий Медведев президент болгондон кийин Россия КМШ мамлекеттери менен мамилени өзгөртүп, аны жаңы деңгээлге көтөрөлү деген демилге болуп жатат. Ошого жараша структураларды түзүп жатат. Ошондуктан бул сапарда кандайдыр бир жаңы демилгелер болот деп үмүттөнсөк болот.

- Эки өлкөнүн өз ара соодасы өсүп жатканын эки тарап тең белгилеп келатат. Бирок инвестиция жана башка маанилүү тармактарда долбоорлорду турмушка ашыруу болбой жатат. Анын себеби эмнеде, бул тармакта өзгөрүү болобу?

- Инвестиция багытында Россия тараптан сөз жүзүндө көп эле убадалар болуп жатат. Бирок кошуна мамлекеттерге салыштырганда, ал эмес Тажикстанга салыштырганда деле бизге алгылыктуу инвестиция болбой жатат. Экинчи президент Владимир Путиндин акыркы сапарынын тушунда 2 миллиард доллар инвестиция беребиз деп айтылып, бирок ошол бойдон калып кетти. Бул жерде жалаң эле Россия тарапты күнөөлөгөнгө болбойт. Биз өзүбүз тараптан да ошону алганга туруктуу аракетибиз болбой жатат. Анткени эл аралык мамиледе кызматташуунун жемиштүү болушу эки тараптан тең көз каранды. Ошон үчүн бир жакты эле күнөөлөй бергенге болбойт. Ошондуктан биз Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатабыз деп айтсак да болот.

- Дмитрий Медведевдин сапары учурунда эки президент биргелешкен билдирүү кабыл алат экен. Андан сырткары бажы тармагында кызматташуу боюнча протоколго кол коюлаары, негизги маселе болгон энергетика тармагында кызматташуу боюнча келишим талкууланаары айтылууда. Бирок ага кол кою жагы артка жылдырыла тургандай болуп турат. Бул эки тараптын тең практикалык иштерге киришүүгө даяр эместигинен, кызматташууда декларативдик мүнөз өкүм сүрүп жатканынан кабар берип турбайбы?

- Андай нерсе жалаң Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эмес, жалпы КМШ мамлекеттеринин ортосундагы мамиледе бар. КМШ алкагында кызматташууда декларативдүү мүнөз көп. Убадалар айтылат, баштайлы деп чыгышат. Бирок ишке келгенде токтоп калат. Бул эми көп себептерге байланыштуу. Ошонун ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда президенттер жолукканда, премьер-министрлер жолукканда көп эле маселелер көтөрүлөт, көп эле убадалар берилет, тийиштүү министрлер, мекеме жетекчилери аткарабыз деп келишет, анан ишке ашпай, убадалар сөз бойдон кала берет.

- Украинадагы кырдаал боюнча да суроо менен кайрылсак. Россия Украинадагы кризистик кырдаалга кайсы бир деңгээлде кызыкдар деп айтсак да болот. Өзгөчө президент Виктор Ющенконун саясатына байланыштуу. Кыргызстанда да бийлик Украинадагыдай ыңкылаптан кийин келген эле. Кыргызстандагы бийликке да кандайдыр бир ушундай мамиле жокпу?

- Кыргызстандагы ыңкылаптын натыйжасынын Украина жана Грузиядан айырмасы бар. Бизде ыңкылап болгондон кийин Киев менен Тбилисиден өкүлдөр Кыргызстанга келип, демократиялык союзга киргиле деп сунушташкан. Бирок биз ага кошулбай койгонбуз. Ошондон баштап эле биз бир багытты, алардай болуп батышты көздөп алган жокпуз. Биз мына ошол кезде эле көп вектордуу тышкы саясатты карманарыбыз белгилүү болгон. Ошон үчүн Россиянын бизге мамилеси мурунку бойдон калган. Бирок бир топ шектенүүлөр болуп, көбүнчө изилдөөчүлөр ыңкылап батыштын таасири менен болду, расмий бийлик башчылары батышты карап олтурат деп айтылып жүрөт. Мына ушундай негизсиз айыптоолор көп эле болуп жүрөт.
XS
SM
MD
LG