Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

ДАГЫ БИР “БОМБАНЫ” “ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАН” ЖАРДЫБЫ?


Бүгүн жарык көргөн “Аалам” гезити “Медведевдин келиши кыргыз-орус мамилесинин келечегин гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн келечегин аныктайт”, “ Бишкектеги саммитте Грузиянын КМШдан кетиши, Борбор Азиадагы суу-энергетика маселеси каралат” жана “Үсөн Сыдыков кандай оюнду баштап жатат?” деген, “Жаңырык апта” гезити “Бул бийлик урап түшөт”, “Жаңы Кыргызстан” бийликке каяша кылды”, “Атамбаев кайрадан премьер-министр болобу?” деген, “Асман преss” гезити “Революциядан бери жалаң Нарындык саясатчылар камалып келатат”, “Исмаил Исаков оппозицияга өттүбү?” деген баштемалар менен жарык көрдү. Эми алардын ичин барактап көрөлү.

“Жаңырык апта” гезити бйлик А. Атамбаевди кайрадан премьер-министр кылганы жатыптыр, так талашкан эки топтун бир тарабы Кабилованын кетиши менен жеңишти өз тарабына оодарып, Чудиновду ээрден шыпырганы калды дешүүдө, Текебаев, Жекшенкулов, Сариевге чоң кызматтар сунушталса барбаптыр, жок дегенде ушулар сатылбай тургай эле, А. Мадумаров, Ү. Сыдыков, И. Исаков мырзалардын жакында бийликке даярдаган бомбасы жарылганы жатыптыр деп кабарлады. Ушул эле гезит генерал саясатчы Мирослав Ниязовдун “Бул бийлик урап түшөт” аттуу интервьюсун басты. Генерал бүгүнкү бийликти түбү чирип бүткөн алмага салыштырып, өзүнүн түбүнө өзү жеткени калгандыгын, ал эми көпкө созулбастан урап түшөрүн сөз кылган.

“Асман преss” гезити эгер өлкөдөгү кымбатчылык, электр жарыгынын каатчылыгы, бийлик коррупциясы мындан ары улана берсе И. Исаков, М. Кайыпов жетекчилигине шайланган “Жаңы Кыргызстан” партиясы ноябрь айынын этегинде жалпы республика боюнча саясый акцияларды уюштурушарын билдиргенин, бирок муну айрым байкоочулар бийликтин атайын оюну катары түшүндүрсө, айрымдары бийликчил партиянын мындай кадамга барышы Ак үйдөгү ажарымдын канчалык олуттуу экендигин дагы бир ирет тастыктады деп мүнөздөштү. Ошентип күзгү саясат күүлөндү. Болгондо да кечээ эле Ак үй акырынан жем жеп жүргөндөрдүн ушундай билдирүү менен чыкканы азырынча президенттин админстрация башчысы М. Садыркуловду алып ыргытуу саясаты жыттанып калды шекилдүү деп белгиледи. Гезит ошондой эле “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуев менен баарлашты. Мотуев Атамбаевдин партиясы араңжан партия экендигин, анткени мындан 4 жыл мурда Т. Акун жоголголгондо анын кишилери Ак үйдү курчап алып, 10 күндүн ичинде таптырганын, ал эми Атамбаев менен Бешимов эки бирдей кишиси жоголуп жатса унчукпай олтурганын,
жарыкты 10-18 саат өчүрөбүз деп беттерин табактай кылып сүйлөгөн өкмөттөгүлөр өлкөдөгү социалдык чыңалууну өздөрү түзүп жатканын, 18 жылдан бери бийликтин бир бутагынан экинчи бир бутагына коно калып келаткандар кетмейин Кыргызстан оңолбой тургандыгын, алардын катарына И. Айдаралиев, И. Болжурова, А. Ногоев, С. Балкыбеков, Б. Сартказиев, Жолдошбаевдар кирерин, дагы бир нерсени байкаганы революциядан кийин жалаң эле Нарындын баш көтөргөн адамдары камалып келатканын, ага өзүн, Ж. Арыкованы, М. Өмүракуновду жана И. Кадырбековду кошорун айткан.

“Аалам” гезити “Жаңы Кыргызстан” партиясынын бүтүмүнө Бахтияр Шаматов аттуу автордун “Өздөн чыккан жат жаман...” деген макаласын арнады. Анда Бакиевдин эң ишенген адамдары ага өзөртө сокку урганы, мамлекеттик кеңешчи Үсөн Сыдыков жана ал негиздеген партиянын жаңы лидери Исмаил Исаков аскерий акыл менен тыкыр ойлонулган, президентти бурчка такаган, өтө күтүлбөс жана тобокели тоодой жүрүш жасаганы, булардын колдорунда өтө күчтүү көзүр карталары бары, көрсө Кабилова жөн эле алаксытуучу маневр экендиги, “оор артиллерия” ишке эми киргизилгени, карамүртөз бул кадамды жасагандарды өлкөдөгү жер титирөө да, саммит да токтото албаган соң алар үчүн ыйык нерсе калбаганы тууралуу баяндап, “өзүлөрүн көктөн түшө калгансып, коррупция менен кымбатчылыкты, энергетика кризисин бетке кармап жатканы менен булардын да дал ушул маселелерде күнөөлөрү тоодой, демек Бакиев таарынса биздей гезиттерге эмес, кечээ эле өзүнө кол-бут болуп жүргөн адамдарына таарынсын, душмандарын оппозициядан издебей жанындагы кадрларынан издеши керектигин анын мамкеңшечиси Ү. Сыдыков, экс-министри М. Кайыпов жана генералы И. Исаков көргөздү” деп жазып чыкты жана бул боюнча айрым саясатчылардын ой-пикирин сурады.

Мирослав Ниязов: “ Бийликтин ичинен жаракка кетти. Азыр Кыргызстандагы кырдаал өтө оор. Бийликтин ар бир кадамы, жасаган иши элдин кыжырын келтирип жатат. Бакиев бийлигин басмайылы бошоңдоп калды десе дагы жарашат. Аз күндүн ичинде бул бийликтин жүзү толук ачылат. Бакиевдин ишенген адамдары алыстай баштады. Акыры булардын баары Бакиевге муш көрсөтөт” деп, Турсунбай Бакир уулу:” Азыр баарын эле Бакиевдин үй-бүлөсү менен М. Садыркулов чечип жатпайбы. Буга чейин эле сөз болуп жатпады беле Исамил Исаковду иштен кетирет экен деп, мүмкүн булар алдын ала аракет жасап жатышкандыр эптеп бийлик алып калалы деп гана” деп, Жыпар Жекшеев: “Исаков, Кайыпов деле министр болуп турганда бийликти жактап эмнени гана кылышкан жок эле, эми минтип бийликтен кетип калса эле мындай билдирүүлөрдү жасап жатканы туура эмес, ким ишенет ошолорго, “Жаңы Кыргызстан” партиясы анчалык деле күчтүү партия эмес” деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG