Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Кошмо Штаттарынын соңунан Европа өлкөлөрү финансы институттарын кризис абалынан чыгарганы чукул чараларды көрүп жатышат. Шаршемби күнү алардын катарына Британия кошулду. Бириккен падышачылык өкмөтү өлкөнүн финансы мекемелерине шашылыш жардам көрсөтүү планын бекитти. Андан бир күн мурда Испания банк системасын колдоо үчүн атайын фонд түзгөн эле.

Өлкөнүн финансы министри Алистер Дарлинг сунуш кылып, өкмөт бекиткен план бир нече этапта ишке ашырылат жана ага жалпы эсепте жарым триллион, б.а. 500 миллиард фунт стерлинг (875 миллиард доллар) сарпталат. Адегенде өкмөт өлкөдөгү эң чоң сегиз банкты жарым-жартылай мамлекеттин карамагына алат, бул үчүн алардын контролдук пакеттерин 50 миллиард фунт стерлингге (64 миллиард еврого) сатып алат. Андан соң кайра финансылоо тооруктарында банктарды кредиттөө лимитин 200 миллиард фунт стерлингге чейин көбөйтөт. Мындан тышкары өкмөт карыздардын төлөнүү кепилдигин өзүнө алат, буга 250 миллиард фунт стерлинг ажыратат.

Долбоордун маанисин кенен-чонон кеп кылып, Бириккен падышалыктын премьер-министри Гордон Браун британ кабинети бекиткен пландын АКШ өкмөтү кабыл алган пландан айрымасы бар экенин бөлүп көрсөттү.

- Бу америкалык план эмес. Алардын планында “жаман” активдерди мамлекет сатып алат. Биздин планда каражатка муктаж болгон банктардын капиталын сатып алуу аркылуу инвестициялоо жолу каралган, биз банктардын жарамдуу жарнактарын сатып алабыз,-деп айтты Браун.

Америкалыктардын ыкмасын Испания колдонду. Социалист Хосе Луис Родригес Сапатеронун кабинети 7-октябрда 50 миллиард евро өлчөмүндө фонд түздү. Анын баары жергиликтүү банктардын ликвидсиз активдерин сатып алууга сарпталат.

Финансылык кыйырсынга каршы жарнакташа чара көрүү маселесин еврозонага кирген он беш өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү эки күн талкуулашты, бирок кандайдыр бир орток план таба алышкан жок. Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер кокус ири банктардын бири эле банкрот болсо, анда туташ реакция тутанып, бүткүл европалык финансы системасына кесепети тиерин эскертти:

- Ошондуктан кыйын абалга кабылган банктарды куткаруу керек, жалпы континенттин көңкү финансы системасы үчүн жоопкерчиликти эч ким жалгыз өзүнө алалбайт.

Андан бир күн мурда Германия өлкөнүн банктарына жайгаштырылган бардык депозиттерди кепилдөөгө киришкен эле. Өкмөттүн өтүлдүгүнө алынган аманаттардын жалпы суммасы 568 миллиард евро наркында бааланууда. Немец канцлери Ангела Меркел Бундестагдагы сөзүндө финансы рынокторундагы кырдаалды өтө олуттуу деп мүнөздөдү:

- Мындай формадагы кризисти эзели билген эмес элек. Буга чейин айныгыс чындыктай көрүнгөн иштердин көбү эми күдүктөнтө баштады. Финансы системасынын иши көп жагынан ачкөздүк, кызылдай чайкоочулук жана начар жетекчилик менен коштолду.

АКШдагы “Newsweek” апталыгында жарыяланган көлөмдүү макаласында белгилүү саясий илимпоз Фрэнсис Фукуяма бул жолку финансылык кыйырсын Уолл-стриттин эңгезер компанияларын гана кыйратпастан, дегеле капитализм жөнүндөгү түпкүлүктүү бир катар түшүнүктөрдүн да түбүнө жеткенин белгиледи. Мунун башкы күнөөкөрү деп Фукуяма “америкалык моделди” атады. Экономикалык процесстерге мамлекеттин кийлигишүүсүн колдон келишинче кыскартуу керек деген идеяны келмеден бетер кайталап отуруп Вашингтон финансы секторуна көз салбай калды, натыйжада ал контролдон чыгып, акырында америкалыктарга эле эмес, аларга кошо бүт дүйнөнү чоң мүшкүлгө салды. Глобалдык перспективанын көз карашынан алганда Фукуяма АКШ гегемон өлкө деген статусун жоготот, анын финансылык мүмкүнчүлүктөрү кыскарат деп божомолдойт.

Ал эми АКШ администрациясынын дүйнөгө демократияны жайылтуу идеясы болсо, окумуштуунун айтымында, азыркы кризиске чейин эле жыдып калган болчу.
XS
SM
MD
LG