Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Россия ушул аптада эле Латын Америкасындагы үч өлкөдөн жогорку даражалуу конокторду кабыл алууда. Айрым эксперттер Кремл дүйнөнүн бул бөлүгүнө тек гана экономикалык мүдөөлөрдөн улам көңүл бура баштады деп эсептешет. Ошол эле учурда Москва менен Вашингтондун мамилеси бир топ кыйгылданып кеткен учурда Латын Америкалык айрым өлкөлөр Россиянын кайра козголо баштаган “державалык” дымагын өз кызыкчылыктарына пайдаланып калгысы келет сыяктанат.

Москвада адегенде Венесуэланын өкүлдөрү болушту. Анын соңунан Мексиканын тышкы иштер министри, ага катарлаш Колумбиянын коргоо министри келишти. Сүйлөшүүлөр учурунда негизинен экономикалык карым-катнаштар, аскери кызматташтык маселелери сөз болду. Венесуэлага Россия бир миллиард долларлык насыя берип, Каракас ага Москвадан аскери жарак-жабдыктарды сатып алмакчы болду. Орустардын куралдарына азыр Боливия, Бразилия, Эквадор, Чили жана Уругвай да кардал түшүп жатышат.

Мындан тышкары Латын Америкасын электр энергиясынын каатчылыгы катуу каржалтып келатат. Президент Уго Чавес жакында Москвада болуп кеткен соң Венесуэла өзүнүн атомдук электр станциясын кура турганын жарыялады. Премьер Путин ага активдүү жардам көрсөткөнгө убада берди. Ошондон соң орустардын бу тармактагы тажрыйбасы Мексика, Бразилия жана Аргентина өкмөттөрүн да кызыктырып калды.

Москвалык аскерий аналитик Александр Голц Россия АКШ менен чоң оюнда Венесуэланы карта кылып пайдаланууну көздөп жатканын, Латын Америкасында жайыла баштаган антиамерикалык маанайдан өзүнө нап чыгарып алгандан башка бу жерде эч кандай кеңири стратегия жоктугун белгиледи.

Вашингтондогу саясий борбордун эксперти Майкл Шифтер мунун баарын белгилүү бир өлчөмдө Россиянын “тамаркасындагы короолоруна” кирип алып, Грузиядагы кризистей натыйжаларга алып келген АКШнын аракеттерине жооп кайтарган Москванын кадамы катары баалады. Орустар Латын Америкасында бу жагынан колдоо тапты, эми алар Венесуэла өңдүү өлкөлөрдү пайдаланып, АКШнын “там артындагы короосуна” да кирсе болорун, ал эми жалпы алганда көп уюлдуу саясий дүйнө түзгүсү келерин туйдурганы жатышат.

Лондондогу Жейн маалымат тобунун аналитиги Роберт Манкс соңку бир нече жылдан бери АКШнын Латын Америкасындагы таасири төмөндөп кеткендиктен башка өлкөлөрдүн бул аймакта активдеше баштаганынан эрөөн-терөөн деле эчтеме көрбөйт. Вашингтонго да Россиянын аракеттеринен кооптонууга кажет жок. Муну арты жаңы “кансыз согушка” же болбосо стратегиялык жаңы мамилелерге алып келери арсар.
XS
SM
MD
LG