Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Бишкекте бүгүн КМШ тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө. Эртең болсо КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйыны өтүп, анда жыйырмадан ашуун маселе каралмакчы. Айрым саясат талдоочулардын пикиринде он жети жылдан бери көз карандысыз шериктештигине мүчө мамлекеттердин саммитинде экономикалык өнүгүү багытында бир катар келишимдерге кол коюлганы менен иш жүзүндө алгылыктуу натыйжа бербей келүүдө.

Бир катар эксперттер Советтер Союзу жоюлгандан кийин тынчтык жолу менен эгемендүүлүккө ээ болгон мамлекеттер Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин (КМШ) түзүп, саясий-экономикалык кызматташтыгын сактап калганын, КМШнын негизинде ЕврАзЭШ, ЖККУ, ШКУ түзүлгөнүн, бул уюмдардын келечеги кең экендиктерин айтышууда. Ал эми айрым саясат таануучулар болсо он жети жылдан бери КМШга мүчө мамлекеттер жылына шаан-шөөкөт менен жыйын өткөрүп, ондогон келишимдерге кол коюшуп, чечим кабыл алганы менен ал иш жүзүндө көзгө көрүнгөндөй жарытылуу натыйжа бербегенин белгилешүүдө.

Алардын бири саясат таануучу Орозбек Молдалиев КМШга мүчө мамлекеттер ар кимиси өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, бир катар келишимдер аткарылбай калганын айтат:

- Мына КМШ түзүлгөнүнө он жети жылдан ашып кетти. Ушул жылдар аралыгында жүздөгөн документтер кабыл алынып, жүздөгөн келишимдерге кол коюлду. Бирок ошонун натыйжалары аз болуп жатат. Ага караганда эки тараптуу мамилелердин натыйжалары жогору болуп кетип жатат. Эми мунун өзүнүн дагы тарыхый, саясий, экономикалык себептери бар.

Молдалиев белгилегендей, КМШнын ичинде пайда болгон уюмдардын карама-каршылыгы барып-келип мамлекеттердин бири-бирине жуурулушуп өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип келүүдө:

- КМШ өзү бир укумуштуудай уюм деп айтсак болот. Мына ушул уюмдун ичинде ага каршы уюмдар бар. Мисалы, ГУАМ деген уюмду алалык. Грузия, Украина, Молдова. Мурда Өзбекстан дагы бар болуучу. Булардын Орусияга мамилеси салкын мамлекеттерден түзүлгөндүгү эч кандай жашыруун деле эмес. Ошолор ушул эле учурда КМШга мүчө болуп жүрүшөт. Экинчи дагы бир учуру, жакында эле КМШга мүчө эки мамлекет бири-бири менен өз ара согушуп кетишти. Дүйнөлүк тарыхта мындай маселе болгон бекен, кансыз согуш бүткөндөн кийин деп, ой жүгүртсөң, бул КМШга аброй алып келбеген мисал болуп калып жатпайбы.

Саясат таануучу КМШнын келечеги анын мындан кийинки кадамдарына жараша болот дейт. Анын пикиринде, глобалдашуунун шартында аймактык жуурулушуу күчөп жатканда, КМШ мамлекеттерине тиешелүү энергетикалык кризисти, азык-түлүк, дүйнөлүк каржылык кризисти жана башка маселелерди чечүүдө биргелешип аракет кылып, убадаларын жүзөгө ашырганда КМШнын иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов болсо КМШнын алкагында мамлекеттер ортосунда экономикалык, маалымат алмашуу, коопсуздук жана башка бир катар маселелердеги келишкен макулдашуулар ишке ашып, өз жемишин берип жатканын белгиледи. Анын айтымында, 10-октябрда Бишкекте өтүүчү КМШнын жана ЕврАзЭШтин саммитинде турмушка аша турган орчундуу маселелер боюнча келишимдер кабыл алынышы күтүлүүдө:

- КМШ өлкөлөрүнүн 2020-жылга чейин экономикалык өнүгүүсү жөнүндө концепциянын долбоору бар. Эгерде ушул долбоор кабыл алынып калса КМШ алдыга дагы бир кадам жасаган болоор эле. Буга чейин Дүйшөмбү шаарында өткөн жыйында КМШнын кабыл алган чечимдерин турмушка ашыруу маселеси каралган эле.

Бүгүн Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстандагы расмий иш сапары башталат. Анда эки өлкө ортосундагы социалдык-экономикалык, газ, энергетикага байланыштуу маселелер каралышы күтүлүүдө.

Ал эми самиттин программасына ылайык 10-октябрда эртең менен түшкө чейин өтүүчү КМШнын саммитинде жалпысынан жыйырмадан ашуун документтердин долбоорлору каралышы күтүлүүдө. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекет башчылары Азербайжандын премьер-министри баш болгон делегация катышат. Ал эми түштөн кийинки ЕврАзЭШтин жыйынына Беларус , Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан катышат. Андан соң Орто Азиядагы мамлекеттердин башчылары жолугуп суу-энергетикалык маселени талкуулашат.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин маалыматына караганда, саммитке келүүчү меймандарды жайгаштырууга 22 мейманкана даярдалып, журналисттер үчүн “Ак кеме” мейманкансында маалымат борбору уюштурулуп, ал жерге 70 компьютер коюлуп жана байланыш каражаттары менен камсыздалган. Саммитке 400 ашуун журналисттин катышуусу күтүлүүдө.

Архивдеги сүрөттө: Санкт-Петербургдагы бейформал саммит учуру.
XS
SM
MD
LG