Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

12:10 Б.Акунов: Өлкөдө мечиттердин саны мектептер менен теңелип калды


Мындай сунушун билдирген Коммунисттер фракциясынан депутат Бейшебек Акуновдун айтымында, учурда өлкөдө курулган 1700 мечиттердин көпчүлүгүн чала сабат диний кызматкерлер башкарууда. Акунов социалдык-экономикалык, экологиялык кризисти беш-он жылдап жоюуга болоорун, ал эми диндин кесепетин жүз жылдап жоюга туура келерин белгиледи. Ал ошондой эле диний ишенимдерди чар жайыт кое бербей, мыйзамдын чегинде иш жүргүзүүнү жана диний концессияларга чектөө киргизүүнү сунуштады. Бир катар депутаттар өлкөдө диний агымдарга жамынып алышып экстремисттик, сепаратистик аракеттерди жүргүзгөн уюмдарга бөгөт коюуну, бул маселеде мамлекеттин, улуттун коопсуздугун эске алууну сунушташты. (AJ)

XS
SM
MD
LG