КМШнын аткаруучу комитетинин төрагасы, аткаруу катчысы Сергей Лебедев 5-октябрда болгон Нура айылындагы зилзалага байланыштуу президентке жана кыргыз элине көңүл айтты. “Бул бир гана кыргыз элинин эмес, биздин жалпы кайгыбыз. КМШ өлкөлөрүнүн эли сиздер менен бирге. Албетте, бул кыйынчылыктан чыгуу үчүн Кыргызстанга болгон жардамды көрсөтөбүз”,- деп билдирди С.Лебедев бүгүн Бишкекте өткөн КМШ тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында. (КЕ)