Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

15:02 Грузиянын КМШ курамынан чыгуу мөөнөтү 2009-жылдын 18-августунда аяктайт


Бул тууралуу бүгүн КМШ тышкы иштер министрлер кеңешинин Бишкек жыйынынан кийин уюштурулган маалымат жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев маалымдады. Министрдин айтымында, уюмдун уставы боюнча тигил же бул мамлекет КМШдан чыгуу ниетин ачыктаса, бул ниетти ишке ашыруу жараяны бир жылга созулат. КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедевдин билдиргенине караганда Грузия уюмдан чыгуу жөнүндө нота берүү менен бирге макулдашуулардын жана келишимдердин катышуучусу бойдон каларын билдирген. Лебедев ошондой эле Грузиянын уюмдан чыгуу демилгеси өзүнүн эгемен укугу экенин белгилеп, буга өкүнүчүн билдирди жана бул өлкө кыйла убакыттан кийин кайтып келсе кайра кабыл алынарына ишенимин билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG