Нобель комитети белгилегендей, бул ачылыш фармакология, биология жана медицинага чоң салым кошту. Атап айтканда, рактын жана Альцгеймер дартынын өнүгүшүн же патогендик бактериялардын өсүшүн сөз болгон белоктун жардамы менен изилдөөгө мүмкүн болуп калды. ВИЧтин вирусу адамдын клеткаларын каптап жатканын да ошол протеин менен көрсө болот. Натыйжада, илимпоздор клеткалардын түрлөрү жөнүндө көбүрөөк кабардар болуп, керектүү даары табууга шар түзүлдү.
Шимомура 1928-жылы Киотодо туулган. Жашыл белокту ачкан кезинде, 1962-жылы, АКШнын Принстон университетинде иштеп жүргөн. Азыр болсо изилдөөчү Бостон университетинин медициналык институтунда эмгектенет.
Мартин Чалфи 1947-жылы АКШда төрөлгөн. Гарвард университетинде нейробиология боюнча докторлугун жактаган. Рожер Тсиен 1952-жылы Нью-Йорк шаарында туулган. 1977-жылы Британиянын Кэмбриж университетинде физиология илимдеринин доктору деген даражага ээ болгон.
Ушу тапта Калифорниядагы Сан Диего университетинин профессору. Нобель сыйлыгына ээ болгонун угуп ал мындай деди:
- Бул эмгек жогору бааланагына кубанычтуумун. Ага көптөгөн адам катышкан,- деген илимпоз бул ачылышты коммерциялык жана көркөм максатта колдонуу канчалык туура деген күмөн саноосун айтты. Мисалы, кээ бирлер аквариумдагы балык же ит өңдүү үй жаныбарлары жылтырап турсун деп, жашыл белокту пайдаланып жүрүшөт.