Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

17:50 АКШнын мамдепартаменти Кыргызстандагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардамдашат


АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон МаккорМак 5-октябрдагы адам курмандыктарына алып келген жер титирөө боюнча Кыргызстанга көңүл айткан билдирүү жасады. Билдирүүдө АКШнын элчилиги жер титирөөнүн алып келген зыяндарын аныктоо жана анын кесепеттерин жоюу үчүн тезирек жардам көрсөтүү боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен тыгыз иштеп жатканы белгиленген. “Кошмо Штаттар Кыргыз Республикасын Борбор Азиядагы маанилүү союздашы катары билет жана анын Ооганстандагы терроризмге каршы күрөштө эл аралык иш-аракеттерге көрсөтүп жаткан колдоосун өзгөчө баалайт. Биз бул кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди улантабыз жана келаткан кышта электр кубатынын каатчылыгынын, азык-түлүк тартыштыгынын таасирин жеңилдетүү үчүн башка донорлор менен да биргелешкен иштерди жүргүзөбүз”,-деп айтылат Мамдепартаменттин билдирүүсүндө. (KCh)

XS
SM
MD
LG