Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

18:10 Баткен аялдары Нура айылындагы жетим калган балдарды багып алуу демилгесин көтөрүп чыгышты


Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук акимчиликтин Гендердик саясат жана жаңы муун секторунун башчысы Имигүлсүн Рыскулова 9 -октябрда кабар кылды. Облустагы «Аялзат» коомдук уюмунун, Баткен байбичелер уюмунун мүчөлөрү жана ардагер аялдар облустун элине Алайдагы зилзаладан жапа чеккен бадарга жардам көрсөтүү боюнча кайрылуу жолдошту. Учурда Гендердик саясат жана жаңы муун секторунда Нура айылында кырсыктын кесепетинен жетим калган балдарды багып алууну каалаган аялдардын тизмеси түзүлүүдө. Алардын ондон ашып калганы кабарланууда. Ал эми Баткенде ардагер аялдары болсо пенсия акчасынан эки жүз сомдон жардам үчүн топтоодо. (SA)

XS
SM
MD
LG