Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

18:13 Аксы районунда күйдүргү оорусун жуктуруусу мүмкүн деп шектелгендер дарыланууда


Бир аял жана бир эркек райондун жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Алар күйдүргү дартынын тери формасын жуктурушу мүмкүн деп күмөндөлүүдө. Облустун шаар-райондорунда оорунун алдын алуу максатында дарыгерлер жүздөн ашык адамдын ден-соолугун көзөмөлдөшүүдө. Дарыгерлер менен өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин июнь айында күйдүргү дартынан Сузак районунда бир киши каза болгонун билдиришкен. Облустун ар кайсы райондорунда аталган жугуштуу ооруга чалдыкты деп саналган 14 адам медициналык тиешелүү жардамдарды алышып, айыгып чыгышкан. Быйыл оору малдардын этин текшербей колдонгондуктан облустун Сузак, Ноокен, Аксы районунда күйдүргү дарты катталган. (YA)

XS
SM
MD
LG